www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте эки баласын жалгыз тарбиялап, курьер болуп иштеген Ажар аттуу аял кайрымдуу жарандардын жардамы менен үч бөлмөлүү батирлүү болду.

Эки күндүн ичинде ага жардам берүү үчүн 130 миң доллар чогултулган. Батир 102 миң долларга сатып алынып, калган акчаны Ажар оор турмуштук кырдаалга туш болгон башка адамдарга берүүнү чечкен.

Анын окуясы кызы жеткирүү кызматын аткарып жүргөндө электромопеддин үстүндө уктап жаткан учур тартылган видео социалдык тармактарга тарагандан кийин кеңири белгилүү болгон. Видео колдонуучулардын көңүлүн буруп, аялга жардам берүү үчүн Instagram баракчасы ачылган.

Кыргызстанда бул сыяктуу биринчи окуя эмес. Буга чейин баласын жалгыз тарбиялап, курьер болуп иштеген дагы бир аялдын окуясы коомчулукта чоң резонанс жаратып, ага да турак жай берилген.

Ошол эле учурда жалгыз бой энелердин каржылык кыйынчылыгы актуалдуу бойдон калууда. Берилген маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда алимент боюнча карыз 6 миллиард сомдон ашкан.

Последние новости