www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Орусияны дүйнөлүк газ рыногунан четтетүү аракеттери олуттуу кесепеттерге алып келерин билдирди. Бул тууралуу ал Москвада өткөн Газ экспорттоочу өлкөлөр форумунун саммитинде сүйлөгөндө айткан.

Путиндин айтымында, дүйнөдө жаратылыш газына болгон суроо-талап өсүп, 2050-жылга чейин жылына 5,5 триллион куб метрге жетиши мүмкүн. Ал Европанын орус газынан баш тартуусун да сынга алып, бул кадам өнөр жайына жана социалдык тармагына терс таасирин тийгизерин белгиледи.

Ошондой эле Путин «Түндүк агым» газ түтүктөрүндөгү жардырууларды «террордук актылар» деп атады.

 

Последние новости