www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернеттеги "Фейсбук" социалдык байланыш тармагынын колдонуучулары президент Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшүүсүн колдогон флэшмоб уюштуруп жатышат.
Алар, жаңы кадамдарга эски кадрлар тоскоолдук жарата турганын айтышып, укук коргоо оргадарынын башчылары алмашуусу керек экенин жазышкан. "Мекендешим, кел өзгөрүүгө өз салымыбызды кошобуз! Президент С.Жээнбеков коррупция менен күрөшүү аракетин баштады.
Бийликте отурган крысаларды четинен камай баштады. Мурда, коррупция менен күрөш - бийликтин оппоненти, оппозиционерлерди камоо менен чектелчү. Азыр адилеттүү күрөш башталды. Эгерде, жаңы команда болсо, мындан дагы бат жыйынтык чыкмак. Келгиле, президентке жардам берели. Жанындагы эскинин калдыктары Башкы прокурор Индира Жолдубаева, Ички иштер министри Улан Исраилов, УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев жана Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаевалар өз ыктыяры менен отставкага кетишин талап кылып, Фейсбуктан флэшмоб кылалы. Аларды уяткаралы. Жаңы президент жаңы командасы менен жаңы барак ачсын! Анда кеттик досторум, барыбыз ушул тексти бөлүшөлү, баракчага коелу. #АшаКет ",-деген талаптарын жазышкан интернет колдонуучулар.
Булак: NazarNews.kg