www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туура кепти айткандан бир жерибиз кемип калбайт. Кечээ күнү эле үч пайыз электораты бар талапкер президент боло алабы деп ыкшыңдап күлгөндөр Сооронбай Жээнбековдун ооматы ашып кеткенде пластинкасынын экинчи тарабын коюуга жанталашып жатканы эмнеден?  Анткени алар сүрөгөн “мыктылары” аянтчадан сүрүлүп чыгып калууга муктаж болушту.  Ошол эле Отунбаева, Кулов, Каптагаев, Эркебаев, Жекшенкулов, Ибраимова, Иманкожоева, Жетимишбаевдер колдогон Өмүрбек Бабанов ва-банкка  кетип саясый айдыңдан жоголду. Анын ажо болушуна Бакиевчилер, Текебаевчилер, Акаевчилер, Атамбаевден тишке жеп зыркырагандар  да кызыктар болгонун кимиси  тана алат?   Анткени менен реалдуу тарапташтардын басымы аркасында азыркы өлкө башчы биринчи эле турда жеңишти бөктөрүп алды.

Андан бери төрт айдан ашык убакыт өттү. Ушул мезгил кээ бирөөлөр үчүн кылымга тете болду. Атамбаевдин үнүн качан угабыз, дагы эмнелерди “балп” эттирер экен деп тыбырчылагандардын “тилеги” акыры орундалды 31-мартта. Журналисттер менен кездешүүдөгү экс-ажонун аргументтерин ар кайсы маалымат каражаттары өздөрүнө ыңгайлаштырып  чагылдырып жатканы деле өөн көрүнүш эмес. Анткени табиятыбыз ошондой. Бири удургутуп жиберүүнү кааласа, экинчиси элге маалыматты калыс жеткирүүгө умтулат. Айрыкча кожоюндарынын көзүн карагандар ошонун табитине жараша берүүгө муктаж.  Мунун баары алаканга салгандай баамдалып турат. Же бул кептин жалганы барбы?

Ооба, партияга төрага болуп шайланган Алмазбек Атамбаев  коомчулук күткөн суроолордун тегерегинде пикирин айтты. Айтканда да табына келтирип туруп жообун узатты. Бирок, анын кебинен кемтик издебей элге түз жеткирүү биздин мойнубуздагы парзыбыз.  Чынында достукту бекемдөөгө ширин сөздүн зарылдыгы жок. Андан көрө ачуу болсо да адилеттикти кармануу майнаптуу. Ошондуктан чындап күйгөн адам катары айтылган сындарга президентибиз Сооронбай Жээнбековдун көкүрөгү кирдебейт деп айтууга негиз бар. Душмандын жүлүн жибиткен кептерине азгырылгыдай ажобуз мурдагы күнү эле түндүктөн түшүп келген жок.  Кыймыл эткендин баарын иликтеп алууга анын акылы да, эрки да жетет. Ошентсе да түз бараткан кемени аңтарып жиберүүгө ниетин бургандар тегерегине кирүүнүн амалын жасашканы деле ырас.

Бийлик, мансап дегендин көп кыры бар. Адал иштерди ийге келтирсең элиңдин алкоосуна татыйсың.  Арамдыкты колдонсоң жүрүп отуруп оңкоңон кетесиң. Азыркы президентибиздин  бир дагы кыңыр кадамын табууга болбосуна көзүбүз жетти. Демек, алты жылдык өмүрүн мамлекеттин  өнүгүшүнө, калктын ырыстуу жашашына  сайарына күмөн саноого болбойт. Касташтырууну эңсегендердин  тилегине бөгөт коюунун бир эле жолу бар. Айлана-тегерегине  кадрлардын тазасын ишке тартуу жана козуткучтардын  амалынын ашышына тикенек зымды тартып салуу.  Ал эми достордун ортосундагы мамилени биз чече албайбыз. Бирде таарынып калуу, анан кайра табышуу деген тирүүчүлүктө боло берет. Курч, бетке чабар  мүнөздү кээде ак көңүлдүк, сабырдуулук  жеңип кетет...

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости