www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат менен жолугушту. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Алгач Төрага Дастанбек Жумабеков Женгиз Камил Фыратты ишеним грамотасын тапшырып, Кыргызстанда дипломатиялык ишмердүүлүгүн баштагандыгы менен куттуктады. Ошондой эле Төрага жаңы элчинин бай дипломатиялык тажрыйбага ээ экендигин белгилеп, Женгиз Камил Фырат Түркиянын Кыргызстандагы элчиси катары да эки өлкө ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын жаңы барагын ачат деп ишенерин билдирди.

“Кыргызстан менен Түркияда окшоштуктар арбын, байыркы тарыхы, тили да бир боордош эл. Биздин өлкө бардык багыттардагы өз ара пайдалуу жана тең укуктуу кызматташтыкты арттырууга даяр. Азыркы тапта көпчүлүк тармактар боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүүдө. Алсак, эки мамлекеттин парламенттери ортосунда, айрыкча түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик Ассамблеясынын алкагында тыгыз кызматташтык калыптанган”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Андан тышкары, Жогорку Кеңеш Төрагасы Түркия Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү экенин белгилеп, эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын өнүктүрүү зарылчылыгына токтолду.

Өз кезегинде Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат мамлекеттер аралык кызматташтыкты арттыруу үчүн бардык зарыл болгон аракетти көрүүгө даяр экендигин билдирди.

“Дипломатиялык ишмердүүлүгүмдүн Кыргызстанда өтүп жатканына кубанычтамын. Анткени, биздин эл үчүн кыргыз калкы дос эле эмес, боордош эл болуп саналат. Биздин өлкөлөр эки тараптуу байланыштарды мындан ары да өнүктүрүп, бекемдей берет деген ишеничтемин”, – деди Женгиз Камил Фырат.

Ошондой эле элчи биздин өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 400 миллион долларды түзөрүн, бирок Түркия тарап жакынкы аралыкта аны 1 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатканын белгиледи. Аны менен катар Түркия Кыргызстанды инвестициялоону улантуу ниетинде экендигин кошумчалады.

Мындан сырткары, Женгиз Камил Фырат Түркия Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун расмий иш сапарына даярдык көрүү менен анын алкагында жагымдуу пикир алмашуу болорунан үмүттөнүп жатканын билдирди.

  • соңунда элчи Төрага Дастанбек Жумабековду да Түркияга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости