www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Нооманжан мырза, митингдерде кыйкырып эле калдыңыз. Акыркы кездеги абалга кыйын болуп калдыбы?

— Кыскача айтканда, өлкөдөгү жагдай ыдырап отуруп, кырдаал Акаев менен Бакиев Ачүйдү (Ак үйдү ушинтип айтам)таштай качкандагы кезеңге жетип калгандай. Кыргыздын далай азаматтарынын канын ичкен, узак мөөнөткө түрмөгө кесилген кесипкөй кылмышкер Батукаевдин Атамбаевдин тушунда кыргыз тарыхында болуп көрбөгөндөй сый-урмат менен мыйзамсыз эркиндикке узатылышын, көптөгөн массалык маалымат каражаттарында ашкереленип жазылып жүргөн Мамбеталиев деген неменин түрмөдөн чыгарылып, “журт башынын” оң же сол колуна айлангандыгын эске ала турган болсок, 7-кабаттагы бүгүнкү саясий-кылмыштуу кырдаал киши чыдагыс чекке жетмек турсун, ашып да кеткендей. Кыргызга бир нече жылдан бери эшектин этин жедирип келаткан өлкөдөгү ашмалтайы чыккан моралдык, социалдык-экономикалык абалды айтпай эле коёлу.

— Ушунун баарына бир гана Атамбаев күнөөлүү дегени турасызбы? Башкалар сүттөн акпы?

— Кошоматчылар “журт атасы” деп көкөлөткөндөй, айтыңызчы, Кыргызстандагы боткосу гана эмес, погу кошо чыккан көрүнүшкө даңазалуу ысдыпыканын негиздөөчүсү жана башкы мүчөсү Атамбаевден башка ким күнөөлүү болушу мүмкүн!? Бетке чаап, көзгө сайып айткан Садыр Жапаров күнөөлүү эмес да?!

— Шашпаңыз, суроону, бул жерде, журналист катары мен берсем туура болгудай…

— Болгону мен сиздин сурооңузду коомчулукка буруп жатамын.

— Саясатчылар баарыңар эле башка сөз таппай калгансып, Атамбаевге асылганды модага айлантып алган жоксуңарбы?

— Мүмкүн ошондойдур. Чыдаган, колунан келген, мекенчил, акылман жана коррупцияга илешпеген киши гана президент болууга тийиш! Мода мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал эм сиз айткан мода бул — ​саясий мода. Анын үстүнө замандын ыргагын, акыбалын түшүнбөгөн киши гана ал модадан артта калышы мүмкүн. Айтып кете турган нерсе, буюмга же кийимге байланышкан моданы материалдык керектөө сезими жаратса, саясий моданы мекенчилдик сезими жаратаары талашсыз.

— Андай болсо, бүгүнкү саясий моданын негизги багыты кайсылар деп ойлойсуз?

— Ал моданын багытын 7-кабат аныктап, УКМК ишке ашырып жаткандыгы баарыбызга белгилүү. Ал саясий мода, биринчи кезекте ак жерден жалаага кабылып, УКМКнын зынданында жаткан көптөгөн азаматтарыбыздын тагдырына байланыштуу.

— Мисалы,..

— Алыс барбай эле, Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты Садыр Жапаровго байланышкан кырдаалды алалы. Ал элдин укугун, мамлекеттин мүлкүн коргойм деп жалаага кабылып отурат. Муну элдин баары билет. Коррупцияга кулагына чейин батып, дем ала албай, тумчугуп калган Ак үй Жапаровду куугунтукка алуу менен башкалардын жүрөк үшүн алгысы, оозун биротоло жапкысы келип отурат.

— Камалган кишилердин баарын эле бийликти сындай коём деп, саясий жалаага кабылды десек болобу?

- 7-кабаттын буйругу менен УКМК колун кайрыган, КТР деген кара жашик жалаанын жамгырын кутурган иттин шилекейиндей багыттаган кишини саясий зомбулук менен куугунтукка алынды дей албасак, анда кимди айтабыз?!

- 25-март күнү УКМКанын маңдайында жүз берген нараазылык акциясына чыккан көптөгөн адамдарды бийлик тарабынан аёосуз ур-токмокко алынып, аткылап, кууп, сабап таратуу чарасына кандай баа бересиз?

— Түп тамырынан бери мыйзамсыз аракет деп айта аламын. Себеби, биринчиден, бийликтин бул каргашасы күч органдарынын айгакчысынын (провокатору, шайтаны дейбизби) бөтөлкө ыргытуусунан келип чыкты. Айласы кеткен бийлик ушуну гана күтүп турган. Экинчиден, колунда куралы эмес, лозунгасынан башка эчтекеси жок карапайым эл кандай коркунуч келтирмек эле. Натыйжада кача албай калган кары-картаңдар, аялдар жабыркады.

— Садыр Жапаровду канчалык таза деп айта аласыз?

— Албетте, анын таза инсан экендиги талашсыз. Мен аны көп жылдан бери билемин, байкап келатамын. Жогорку Кеңештин 3-чакырылышында бирге депутат болуп отурганбыз. Ал ошол кезде эле принципиалдуу, таза, мекенчилдик сезими, кат-сабаты бийик инсан болчу. Азыр ал адилеттик деп күйүүдө. Биринчиден, Садыр Нургожоевич бийликтин жалаасына мансап талашып, дүйнө талашып кабылып отурган жок. Ал коррупциячыл бийликке каршы күрөшөмүн деп саясий-криминалдык куугунтукка кабылып отурат. Экинчиден, канчалык зомбулукка кабылбасын, ал жийиркенген кишиси менен элдешүүгө барбайт. Ошондуктан, бийлик аны кечирбейт. Аны бүгүнкү погу-жини аралашкан коррупциячыл бийликтин ажалы деп эсептеймин. Садыр Жапаровдой күйүп-жанган мекенчил, жети баштуу бийликке тайманбай каршы чыккан инсанды көрө элек болчубуз деп кесе айта аламын! Мындай азаматты коргоп кала албаса, элдин өзүнө эле оор болоорун көңүлдөн чыгарбаңыздар.

— Казакстандан кирип келген Садыр Жапаровдун туптуура түз эле бийликтин колуна түшүп берүүсүн элге түшүндүрө аласызбы?

— Биринчиден, ал чоочулагыдай кылмыш кылып, кыдырууда жүргөн киши эмес болчу. Экинчиден, бийликтин асылаарын билген. Ошого карабастан өзүнүн актыгына бекем ишенип өлкөгө кайтып келди. Бийлик аны ИИМ, УКМК кызматкерлеринен жана Чекара аскерлеринен турган куралданган 600дөн ашуун күчтү чогултуп, тарыхта болуп көрбөгөндөй кооптонуу менен даярданып күтүп алды. Кана эми, Атамбаев өз намысын тебелеп-тепсеп кеткен Батукаевди кармап келүүгө ушунчалык аракеттенип күч жумшаса. Жапаровго “өлкөгө жашыруун кирип кел” деп сунуш айткандар да болду. “Кайсыл күнөөм үчүн жүзүмдү жашырмак элем” деп такыр көгөрүп туруп алды. Ачүй Жапаровдун өлкөгө кайтып келээрин билип, анын буйругу менен УКМКнын тергөө башкармалыгы 25-мартка күбө катары суракка чакыруу кагазын жөнөткөн. Чындап эле күбө катары чакырылса, аны чек арадан зомбулук менен мажбурлап алып кетүүнүн зарылчылыгы бар беле? Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, күбө келүүдөн баш тартса гана мажбурлап алып келүүгө жатат эмеспи. Жапаровго бийлик кандай айып тагууда? Айыптоо, далилдөө жана аны бекемдөө милдети Конституция жана тийиштүү мыйзамдар боюнча 7-кабаттагы бийликке эмес, тергөө органдарына жүктөлүш керек эле. Ачүй өзү күбө катары камап отурган Садыр Нургожоевичке: 1. Кишини барымтага алуу; 2. Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү; 3. Өлтүрөм деп коркутуу; 4. Бейбаштык сыяктуу кылмыштарды таңуулоодо.

— Адвокат катары, көптөгөн жылдар укук коргоо органдарында иштеген адис катары айтыңызчы, кылмыш кодексинин жогоруда сиз атап кеткен 4 беренеси боюнча Жапаровдун айыпталып жатышы канчалык негиздүү?

— Азырынча Садыр Жапаров жогорудагы оор деп эсептелген 4 берене боюнча шектүү катары гана суралып жатат. Анткен менен ”айыпталып жатышы…” деп, сиз абдан туура айттыңыз. Бийлик андан шектенип отурбай эле, өз зомбулугуна салып, шектенүүдөн мурда эч бир негизсиз жерден айыптоого өтүүдө. КТР баш болгон кара жашиктер ушул күндөрдө Ачүйдүн тукуруусу астында Садыр Жапаровго күн-түн дебей жалаанын жамгырын төгүүдө. Мисалы, кишини барымтага алуу беренеси. 2013-жылдын 8-октябрында Каракол шаарында Ысык-Көл облусунун гүбернатору Каптагаев кимдир-бирөөлөр тарабынан барымтага алынган. Ал окуя боюнча негедир арадан 3 жыл өткөн соң гана 4 бала кармалып келип, 9–10 ай УКМКнын зынданына салынып, бийлик тарабынан зомбулук менен Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө алуу аракеттери көп жолу кайталанган. Белгилей кетчү нерсе, кармалгандар зынданда жаткан кездеги 7–8 айдын ичинде эчтеке таба албаган тергөөчүлөр аларды болгону 3 же 4 жолу гана суракка алышкан. Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө бермейин, жаш өмүрүңөр кор болуп жата бересиңер деп зомбулук көрсөтүшкөн. Эң негизги айта кетчү нерсе, барымтага алынган жана негизги жабырлануучу деп эсептелген Каптагаев соңку 10 айдан бери кан какшап “мени Садыр Жапаров барымтага алган жок, зомбулук көрсөткөн жок, өлтүрөм деп коркуткан жок, мага карата бейбаштык кылган жок, ал күндөрү мен Жапаровду көргөн да эмесмин” деп интернет булактарында жарыя кылгандыгына карабастан, Ачүйдүн тукуруусу менен УКМКнын тергөө башкармалыгы саясий өч алуу максатында камалган азаматтар менен кошо Садыр Нургожоевичке карата да укуктук көтөнзордук аракеттерин жанталашуу менен улантууда. Бийлик Садыр Нургожоевичти саясий өңүттө айыпталгандар камалчу УКМКнын зынданына жаппастан, мыйзам талабын одоно бузуу менен жанкечти кылмышкерлер бийлик жана үстөмдүк кылган 1-СИЗОго алпарып тыккандыгын кантип түшүнүүгө болот?! Бул жерде аны биротоло сындыруу же өлтүрүп салуу максаттары жок бекен деген суроо туулбай койбойт.

— Нооманжан мырза, сиз өзүңүз да саясий жалаага кабылып, УКМКанын колу менен 2 жолу зынданга салынгандыгыңызды билебиз. Ушул сөздөрүңүздөн улам 3-жолу зынданга түшүп, же миллиондоп акчага жыгылып, жабыр тартып калып жүрбөйсүзбү?

— УКМКнын зынданында мага бош орун калды бекен? Бийликке башкаларчылап миллиондоп доо төлөгүдөй менде майда пул деле калбады. Мен да элдин биримин, башка салганын көрө жатаарбыз.

— Мен сурабай калган кошумча дагы эмнени айтаар элеңиз?

— Эң оболу президенттен саясий жалааны токтот деп талап кыламын. Жашоонун теңи өкүнүчтөн турат дегендей, менин милиционер кесиптештериме боорум ооруйт. Эгемендүүлүк доору башталгандан бери коомду тазалоо үчүн болгон кагылышууларда канчалаган кесиптештерим бей ажал өлүмгө дуушар болушту. Канчалары майып болуп калышты. Канчалаган балдар атасыз калышты. Тирүү калган милиционерлер дагы эле коррупциячыл шүмшүктөргө калкан болуп, алардын арамдан тапкан мүлктөрүн коргоп, каргашага баштарын байлап суукта, жамгырда ачка турушат. КМШ өлкөлөрүнүн милиционерлеринин ичинен айлыкты эң аз алгандары да биздикилер. Казактар 3 эсе, өзбектер 2 эсе көп айлык алышат. Украина, Белорус милиционерлери күчөтүлгөн кызмат өтөө күндөрү 2 маал ысык тамак, 3 эсе айлык менен камсыз кылынган.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак: "Жаңы ОРДО"

Последние новости