www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НПОну жетектеген адамдарды тегиз жамандаган туура эмес. Мисалы, Асия Сасыкбаева «НПО» аркылуу «Ата-Мекен» фракциясында депутат болуп жүрдү.  Токтайым Үмөталиева кандай шайлоо болбосун президентке талапкер болот, бирок акча төлөөргө келгенде кумга сиңген суу сымал жок болот. Рита Карасартова Билим, Илим министринин орун басарлыгын алам деп чамынып жүрүп алган. Бирок, «Эки азуулуу тиштин ортосунда калып» бир топ чайналды.Бир жагынан ал министрдин орун басары катары атка минер болсо, экинчи жагынан Батыш 8-мартта феминисттик митингдерди уюштурасың деп буйрук берип жатса эмне кылат? Министрдин орун басары Рита Карасартова жалпы саясаттан тышкары батышчылдарды колдоого мажбур болгон. Качкынбай Булатов эр айдоочу, бирок элдин машинасы жолдо жүрсө, мунун машинасы кээде сойкуканалардын жанында токтоп турат.

Өкмөттүк эмес уюмдардын бары эле акчанын кулуна айланып кетти деген ойдон алыспыз. Экономикада , өндүрүштө, айыл чарбасында түзүлгөн НПО алгылыктуу иштерди иштеп жатат. Кыргызстанда логистикалык борборлорду куруу боюнча өкмөт тарабынан коюлган иш –талаптар бар. Өкмөттүк эмес уюмдар  тарабынан жакшы долбоорлор түзүлүп, кароо-сынактар уюштурулуп жатат. Ушундай долбоорлордун негизинде Кыргызстанда логистикалык борборлор ачылды. Бул логистикалык борборлордо дыйкандар ортодогу ортомчусу жок эле өздөрүнүн жайкысын маңдай терин төгүп иштеген эмгегинен пайда болгон продукцияларды элге өткөрө алат. Болбосо мындай да дыйкандар жайы боюу тынбай эмгектенип тапкан продукциясын арзан сатууда. Ошол эле мезгилде бул продукцияларды сатып алган калк кымбат сатып алып жатышат. Эмнеге дыйкан арзан сатып жатса, калк кымбат сатып алып жатат?  Так ушул жерде ортомчулар кирип алышып, дыйкандан арзан алышып, элге кымбат баада сатууда. Логистикалык борборлордо дыйкандар продукцияларын өздөрүн канааттандыра турган баада сатышса, сатып алуучу калк арзан баада сатып алышат. Ортомчулар тапкан пайданын барын жокко чыгарып, логистикалык борборлордо түздөн-түз сатып алуу жүргүзүлөт. Ар бир тиешелүү жерлерде мындай логистикалык борборлор ачылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости