www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2013-жылы президент Алмазбек Атамбаев резиденцияда Садыр Жапаров менен жолугушууну каалаган. Бул тууралуу Жапаровдун иниси Орозбек Жапаров журналисттерге берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев Жапаровго бир катар шарттарды койгон.

«Алар биздин эжебиз Райкүл Жапарованы тергөө абагына киргизгенден кийин, Атамбаевдин кишилери түрмөдөгү Садыр авама келип, президент Атамбаев аны резиденцияда күтүп жаткандыгын айтышты.

«Сен андан жөн гана кечирим сурап, бир жыл бою Кумтөр темасын козгобойм деп сөз беришиң керек. Ушунун бардыгын жасасаң, түрмөдөн чыгып, кайра депутат болосуң. Эжең да чыгат. Аны кылбасаң иниңди дагы, байкеңди дагы камайбыз» – деп айтып соодалашкан.

Анда Садыр авам: «Иним го мамлекеттик кызматта иштеген, ага бир кынтык таап, жармаштырып камасаңар окшошот, а байкем мамлекеттик жумушта иштеген эмес. Аны кантип камайсыңар? деп сурайт.

«Сен дагы деле түшүнгөн жоксуңбу? Эжең деле эч кылмышы жок отурбайбы. Агаң менен иниңди деле ошентип отургузабыз» – деп айтышыптыр. Садыр авам ойлонуп отуруп, «мен кечирим сурагыдай кылмыш кылган эмесмин.

Мейли, бир туугандарымды камасаңар камагыла. Айылда 80деги атам, 70 жаштагы апам бар, аларды да кошуп камагыла» деп айткан» – дейт Орозбек Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости