www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НТВ телеканалынын журналисттери бошотулду

Түркияда президенттик администрацияга караштуу Коммуникация башкармалыгы Орусиянын НТВ телеканалынын журналисттери камактан чыгарылганын ырастады.

Түрк басылмаларынын маалыматына караганда, бул маселени чечүүдө Орусия тарап Түркиянын бийлиги менен кызматташкан.

Эске салсак, 3-декабрда журналист Алексей Петрушко менен оператор Иван Малышкин Түркияда кармалып, Орусияга депортацияланышы керектиги кабарланган.

«Интерфакс» агенттиги НТВнын басма сөз кызматына шилтеме кылып, алар дрондорду өндүрө турган заводдон алыс эмес жерде сюжет тартууга аракет кылган маалда кармалганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости