www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жылдан ашыгыраак убакыттан бери адамзатын түпөйүлгө салган коронавирус дарты чыкты.

«Дарттын мээге, жүрөккө, өпкөгө тийгизген терс таасири тууралуу байма-бай жазылып келет. Ал эми урологиялык органдарга таасири кандай? Айрыкча эркектерди тукумсуздукка алып келүү коркунучу жокпу?» деп уролог-андролог Нурбек Эстебесовго кайрылдык.

- Коронавирустун урогиялык ооруларга таасири кандай болууда? Тукумсуздукка алып келүү коркунучу тууралуу токтолсоңуз?..

- Коронавирус бардык эле органдарды жабыркатат жана ошондой эле жыныс органдары, эркектин жыныс бездери да жабыркайт. «Тукумсуздукка алып келет» деп такталган маалымат жок.

Бирок, чет элдик илимий изилдөөлөрдүн маалыматы боюнча уруктуктан коронавирустун белгилери табылган, бирок ал айыккандан кийин акырындап калыбына келет. Коронавирус болуп жаткан учурда колдон келишинче балалуу болууну пландаштырбай турган оң.

Экинчиден, балалуу боло албай жургөн түгөйлөр ЭКО программасынын алдындагы жасалма уруктандырууга даярдалып жүрүп коронавируска чалдыкса, «үч айдан алты айга чейин токтото тургула» деп кеңеш берип жатабыз.

Анткени, үч айлык мөөнөттө эркектин жыныстык клеткасы жетилип турат. Муну биз илимде «сперматогенец» деп айтабыз.

Ошондуктан эң аз дегенде вирустун фонунда балалуу болууну пландабай турган оң. Бул эркек жыныс бездерин тукумсуздукка алып келүүчү белгилерден айырмаланып, бездерди таптакыр талкалап салбайт.

Убакыт өткөндөн кийин кайра калыбына келет. Калыбына келген убактысы үч айдан алты айга чейинки аралык болушу шарт.

- Коронавирустун урологиялык органдарга канчалык таасири, коркунучтары бар?

- Биринчи кезекте бөйрөк жабыркайт. Муну биз практика жүзүндө көрдүк. Эгер буга чейин неврологиялык оорусу менен жабыркап келген бейтаптар коронавирус болгондо бөйрөк алсыздыгына учурады.

Мурда оорубаган органдар да жабыркашы мүмкүн. Бирок ал кыска мөөнөттө кайра калыбына келет. Коронавирус эң биринчи өпкөгө жана мээге, урологиялык органдарга тез таасирин тийгизет.

Эркектин жумурткасы тестостерон деген гормон бөлүп чыгат. Тестостерондун активдүүлүгү төмөндөйт. Ал учурда жыныстык катнашка болгон табити да түшөт. Бир канча убакыттан кийин кайра баары калыбына келет. Бул убактылуу нерсе.

- Жаңы жетилип келе жаткан жаш балдар дартка учураса, урологая жактан терс таасири тийбейби?

- Жаш балдардын деле бездерин убактылуу жабыркатат. Убакыт өтүп, кайра калыбына келет. Бул кыска мөөнөттөгү изилдөөлөр. Андан кийин бир топ убакыт өткөндөн кийин кандай таасир этет, аны убакыт көргөзөт. Бирок, азырынча «коронавирус жаш балдарды тукумсуздукка алып келет» деген маалымат жок.

- Азыркы учурда эркектерде эң көп жайылган жана коркунучтуу кайсы дартты белгилейсиз?

- Урологияга көбүнчө жыныстык алсыздык маселеси менен кайрылышат. Булардын эң негизги себептери оор стресстер, мисалы, миграцияда жүрүп, уйкудан калып, өнөкөт чарчоодон улам, эркек безинин жабыркашканынан улам дагы жыныстык алсыздыкка алып келет.

Акыркы мезгилде дагы түрдүү инфекция күч алды. Мыдан 20 жыл мурун көлөмү да, көрсөткүчү да аз болгон инфекция азыр күч алып алды. Тышкы миграциянын көбөйүшү мунун бирден-бир себепкери деп эсептейбиз.

Убагында доктурга көрүнбөсө, кийин ал инфекция өнөкөт простатитке же тукумсуздукка алып келиши ыктымал. Ошондуктан адис уролог дарылап, убагында туура диагноз коюлушу керек.

Азыркы биздин эркектер дарыканалардан көрүнгөн дарыларды алып ичишет. Алар кийин өнөкөт формасы менен оор жабыркап келишет. Ошондуктан «адиске убагында кайрылгыла» деп кеңеш берер элем.

Булак: "Азия News" гезити

Последние новости