www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 10-декабрь күнү Ош шаарындагы жылуулук өткөрүүчү түтүктөн денеси табылган аялды таанууга мүмкүн болбой калган. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 13:45тер чамасында Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмчөсүнө шаардагы А.Масалиев көчөсүндөгү жылуулук өткөрүүчү түтүктөрдүн биринде жансыз дене жатканы боюнча кабар келип түшкөн.

Ош ШИИБдин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзгөн кезде, аял кишинин жансыз денеси табылган. Алдын ала маалыматка ылайык, сөөк ошол жерде болжол менен 2-3 айдан бери жаткан. Узун убакыттан бери жаткан сөөк чирип кетип, маркумдун өздүгүн тактоо мүмкүн болбой калган. Учурда тиешелүү медициналык экспертиза дайындалып, анын өздүгүн аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости