www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Бажыны майкандаган Кулматов, шефи Атамбаев эмне үчүн “Азаттык” кийиртип жаткан “Магнитскийдин тизмесине” кирбейт? “Азаттык” үналгысынын кээ бир журналисттери кыргыздарды АКШ түзгөн “Магнитскийдин тизмесине” киргиздик дешип төш кагып турушат. Мекенин сатууга акча үчүн даяр батышчылдар үчүн бул майдай жагып жаткандыр. Бирок, АКШ туура эмес иш жасап жатат Сергей Магнитский Орусиялык болсо, кыргыздарды эмне үчүн бул тизмеге АКШ Конгрессинин “куурчагы” “Азаттыктын” сунушу менен кийирип жатышат?

Кулкуну куураган Кулматов Атамбаевдин заманында бардык май –талкан жерлерде иштеген

Кулматов 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев менен Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаровдун ортосунда телефон менен чуулгандан кийин Бажыны жетектеп калат. 2013-жылы президент Атамбаев өзүнө кеңешчи кылып алат. Ошол эле жылы бука менен уйдун айырмасын билбеген Кулматовду Чүй облусуна губернатор кылып дайындайт. Жедеп май-талканга көнүп алган Кулматов катчысын чакырып келип, иче турган тамактарын тизмелеп берет. Катчы бухгалтерине алып барса ал чачын жулуптур, себеби бюджеттен губернатордун иче турган тамагына бөлүнүп бериле турган жылдык акча Кулматов иче турган эң кымбат кофенин 1-2 даанасына гана чак келет экен. Чүйдүн губернаторунун акчасы аз экен деп чанып 2014-жылы Бишкекке мэр болуп келет. Кулматов Бажыда турганда күнүгө төрт маал Бажынын атка минерлери аны менен”мүшөктөп” “саламдашып” эсептешип кетчү экен. Ал тең жарымын жогору жакка жөнөтсө, тең жарымын кулкунуна куйчу тура. Бишкекте аны менен “саламдашканга” киши кирбей, акыры мектептерге кол салып, камактын сыз жерлерин көрүп келди. 2017-жылы Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондуна жетекчи болот бул жерде айлыгы эле миллион сомго чаап барганы менен көзү тойбой Өмүрбек Бабанов сыяктуу бизнесмендерге 17 миллион доллар соодага мыйзамсыз берип, ортодо көптөгөн долларга ээ болгон. Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандын өнөр жайын өнүктүрүү үчүн түзүлгөн. Бул коррупция эмеспи?

Өзү да сугунуп, бирөөнү сугунтканды жакшы көргөн Кулматов Улуттук Банкка төрага болуп келет. Андан айланып 2017-жылы Бажы  Кызматын шынаарлап, аны башкарып калат. Кулматов келер менен мамлекеттик бюджетке түшүп турган акча каражаттары кескин кыскарат. Алардын бары кайсы бир жолдор менен кимдир –бирөөлөрдүн капчыгына куйула баштайт. Ал жетектеген жылдары Улуттук статком элден сурамжылоо уюштуруп, көпчүлүк  Кыргыз Республикасынын Бажы Кызматын эң коррупцияланышкан орган деп баса көрсөткөнү маалымат беттерине жарыяланган.Кулматов маалымат жактан колдоо алуу үчүн калыстыкты сүйлөп жүрүп акчага ооп кеткен “Азаттык” үналгысы менен тыгыз кызматташа баштайт.

«Азаттык» үн алгысы АКШнын геосаясатын эмес гейсаясатын колдойт

Бийликти башаламандык кылуу үчүн 3 миллион эле доллар жетет деп ойлошобу, АКШ тиреги болгон өз Конгрессине баш ийген “Азаттыкты” күчтөй баштаган. Чындыгы, АКШ Кыргызстанды Орусияга каршы Борбор Азияда бекем тылына айлантканы турат. АКШ Конгресси быйылкы жылы “Азаттыктын” кыргыз филиалынын  бюджетин эки эсеге көтөргөн. 2019-жылы “Азаттык” үн алгысына АКШ тараптан 1 миллион 700 миң АКШ доллары менен акча каражаттары бөлүнгөн. 2020-жылы АКШ “Азаттык” үналгысына бөлө турган акча каражатынын эсеби 3 миллион долларга жетти.

Ал эми “Сорос-Кыргызстан” фонду  журналисттердин иликтөө кызматтары үчүн долбоорго  3 миллион доллар бөлгөн. Бул эмне деген окшоштук, “Азаттыктын” жылдык бюджети 3 миллион доллар болуп жатса, революция жасоо жаатында бышып жетилген “Сорос-Кыргызстан” фонду  да 3 миллион доллар бөлүштү. “Сорос-Кыргызстан” фонду  журналисттерди ушул долбоорго таяп, иликтөөлөрдү окута баштаган. Тренинг жана семинарларда бир гана журналисттер болушпайт, окутууга шылтоолонуп бул жерде жаш үгүтчүлөр, активдешкен бийликке каршы  саясатчылар да окушат. Батыш дегенде ак эткенден, так этишип, Батыштан “жем жеген” өкмөттүк эмес уюмдар (НПО) жеңдерин түрүнүшүп, бүлгүндү баштоого дайым даяр турушат. Ошондуктан, кыргыз элинин менталитетине туура келбеген жоруктар менен 8-мартта Батыштан жем жегендер гейлерди колдоп чыккан. Коронавирус убагында башаламандык тыйылып калган, бирок күзүндө болгон парламенттик шайлоолорлу шылтоолоп Кыргызстанда ызы-чууну, башаламандыкты уюштурууга АКШ чоң салымын кошкон. Же 3 миллион доллар менен гана бийликти алмаштыргысы келип жатышты беле? Эми да Батыштын очойгон акчасына маарып, Батыштын тескери саясаты менен иш жүргүзгөндөр «отко май тамызып жатышат». Эсиңерге келгиле, эгер араб мамлекетинде болуп жаткандай чыр чыгып кетсе ким жооп берет?

Коомчулук менен бирге «Азаттык» үн алгысы эриш-аркак туруш керек эле. Бирок, «Азаттык» үн алгысы Батыштан алган 6 млн. долларды акташ үчүн "Аялдар туубагыла, чай куйбагыла, тамак жасап, кир жуубагыла, үй жыйнабагыла», ал эмес «күйөөгө тийбегиле» деген чакырыктар менен чыккандарды өз кабарчысы аркылуу ачык колдоп чыккан. "Мен кыздар тараптамын, гейлер илгери деле болгон", - деген «Азаттыктын»  кабарчысы. «Гейлер» илгери деле болгонун бир «Азаттыктын» кабарчысы билбесе, башкалар билбейт экен. Кыргыздын аялдарына акыл үйрөткүдөй «Азаттык» ким болуп кетиптир? Тамак-аш жасоо, чай куюу, төшөк салуу,  идиш-аяк, кир-кок жуу кыргыз аялзатынын эле милдети, азыркы технологиялар өскөн заманда аялзатына тиешелүү жүктөр женилдетилген, кир жуучу машиналар, тамак жасоо үчүн электр бар.  «Азаттык» АКШтан маарап келген 4 млрд. 200 млнду акташ үчүн жасалган гейлердин митингин колдоп келатат. Эми кыргыз элин баш көтөргүс кылыш үчүн кыргыздарды “Магнитскийдин тизмесине” коштуруу үчүн жан үрөп жатышат. “Магнитскийдин тизмеси” Орусия үчүн түзүлсө да,  “Азаттыкты” чыныгы ээси АКШ Конгресси колдоп чыкты. Мына сага батыштын демократиясы!

Албек Ибраимов “Азаттыкка” канча миллион берген?

Албек Ибраимовдун алкымынан ”Манас” аэропортунан 5 миллион доллар чуркурап өтүп кеткен. Албек Ибраимовду “Манас” аэропорту менен коргогон “Азаттыктын” бул акчага тиешеси жокпу? “Азаттык” үн алгысынын мурунку кызматкери Элнура Алканованын айтуусунда: “Манас” аэропортунун айланасында болуп жаткан  “киргил схемаларды”, “Манас” аэропортунун ал кездеги жетекчиси Албек Ибраимовдун кызыктуу бизнестерин каза баштаганда, балким ошол жерди “аштоо” кылып алганбы Венера Жуматаева аны кызматынан алат. “Кыңыр иш кырк жылда” дейт, ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевге таянып чалчаңдап, элдин эмгегин бекер жеп жаткан Албек Ибраимовдун миллиондорду ашап жүргөндөрүнүн бети ачылды. Таң калганыбыз аны эмнеге “Азаттык” үн алгысынын жетекчилери “сары ооз балапандай” калкалап келди. Анткени, бул “Манас” аэропортунда да “Азаттыктын” кызыкчылыгы болгон. Эгер анын кызыкчылыгы болсо кантип уялбай “Азаттык” ар кимге тийишет?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости