www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия менен Кыргызстандын мамлекеттик почталары акча которуу боюнча PosTransfer системасын ишке киргизди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, каражат которулар замат экинчи тарап алса болот. Ал үчүн бул кызматка туташкан почта бөлүмдөрүнө кайрылуу керек. Учурда Россияда 30 миң, Кыргызстанда 400 почтада бул система иштей баштады.

Ар бир киши бир жолкуда 300 миң рубль жөнөтө алат. Ал эми которулган акчаны кайсы валютада экенине карабай Россияда рубль менен, Кыргызстанда сом менен беришет.

"Комиссия катары жиберген тараптан 1,2 пайыз кармалат. Жакшы жери, бул кызматты Россияда үйдө отуруп пайдаланса дагы болот", — деди Россия почтасынын финансылык технологиялар боюнча кеңешчиси Алена Бочарова.

Ал эми "Кыргыз почтасы" мекемесинен бул нерсе Россияда иштеп жүргөн мигранттарга банк бөлүмдөрү жок Кыргызстандын алыскы аймактарына акча которууга жеңилдик болорун айтышат.

PosTransfer — өзүнө 193 өлкөнү камтыган Дүйнөлүк почта бирикмесинин бирдиктүү акча которуу системасы.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости