www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев телеканалдардын бирине маек куруп, анда сүйүү, аял, мамиле тууралуу жеке суроолорго дагы жооп берди.
Алып баруучу ага "азыр сүйүп калууга даярсызбы?" деген суроо берген.
--"Жүрөктү туйлаткан сүйүү — мен бул нерсени башымдан өткөргөм. Мен эле эмес, жаштардын деле баш кошкондон кийин сүйүүлөрү тарап, бири-бирине сый-урмат пайда болот. Чогуу өткөргөн жылдарын баалап, сүйүүлөрү достукка айланат. Мындай убактардан өттүм. Ошентсе да кээде мени бирөөнү сүйүп калыптыр деген кептерди угуп калам. Комплимент үчүн рахмат! Менин курагымдагы кишиге мындай сөздөр комплимент болбой эмне. Рахмат", — деп жооп берген Назарбаев.
Ошондой эле экс-президент аялдар тууралуу пикирин айтып, алардын эркектин жашоосундагы ролуна токтолгон.
--"Аялзаты ар кандай болот. Бири — сулуу, келишимдүү. Экинчиси — үй-бүлө курууга ылайыктуу. Алар мээримдүү, камкор келет. Сага жардам берип, колдоп турат. Башкача айтканда, аны менен мамилеңде эч нерсени жаап-жашырбайсың. Үчүнчүсү менен башкача мамиле, өтө жакындык. Албетте, бул сезимдердин бардыгы бир аялда кезиксе өтө жакшы", — деди биринчи президент.
Сөзүнүн аягында Назарбаев аял менен күйөөнүн ортосунда эң негизгиси ишеним, сый жана сүйүү болушу керектигин кошумчалаган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg