www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттикпи же президенттик башкарууга барабызбы?

Марс Сариев, саясат таануучу:

- Парламенттик республика деп бизде айтылганы менен ал декларация боюнча калды. Чынында президенттик республика болчу. Атамбаевдин убагында юридикалык жактан парламенттик, чыныгы фактыны алсак президенттик башкаруу болгон. Бирок, президент эч кандай жоопкерчиликти алчу эмес.

Премьер-министрге жоопкерчиликти артып, анын айынан канчалаган премьерминистрлер отставкага кетишти. Президент башкарып, бирок баарын премьер-министр мойну менен тартчу. Парламент болсо президенттин айтканын аткарчу.

Мындайча айтканда, бизде парламенттик башкаруу болгон жок. Европа парламенттик республиканы курганга 300 жылдай убакыт кетирген. Бизде 20-30- жылдын ичинде кура коюуга мүмкүн эмес. Ал болбойт. Азыркы акыркы чакырылыштагы 120 депутат таптакыр элдин оюн өзгөртүп, талкалап салышты, б.а. парламенттик башкарууга элдин итиркейи келе турган абалга жеткирип коюшту. Эми каалайбызбыкаалабайбызбы, референдум болгондо «бир адам баарын мойнуна алып, керт башы менен жооп бериши керек» деген ойду айтып жатышат.

Азыр президенттик башкаруу болгондо мурдагыдай премьер-министрге шылтабайт. Ошон үчүн курултайдын үстүнөн иштеп жатышат. Илгертеден курултай көп маселени чечип келген. Учурда Монголияда курултай менен чечүү бар. Эгер курултай болсо, парламент деле маанилүү эмес. Улуу курултай деп ага уруу кыйындары чакырылчу.

Азыркы депутат, бизнесмен, базаркомдордо намыс жок. Куру убадалар менен шайлануунун жолун издеп, мамлекетти да, элди да ойлоп коюшпайт. Аларда биринчи кызыкчылык жеке өздөрүнүн маселелери болуп келди. Ал эми курултайда намыс биринчи орунда турат. Анткени, артында аны шайлаган уруу турат.

Азыр өкмөттүк эмес уюмдар, Батышты карап тургандар каалайбы-каалабайбы референдумда президенттик башкаруу өтүп кетет. Садыр Жапаров президент болот. Андан соң ар кандай чакчелекейлер күтүлүшү мүмкүн. Себеби, контрреволюция деген бар. Андайга даярдангандар дагы арбын. Бирок, Садыр Жапаров биринчи турда эле өтөт.

Булак: «Азия News» гезити

Последние новости