www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноябрда бажы төлөмдөрү 3,4 млрд сомду түздү

2020-жылы ноябрь айында бажы төлөмдөрү 3,4 миллиард сомду түзүп, май айындагы көрсөткүчтөрдөн 2 эсе ашты. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, эгерде 2020-жылдын май айында импорттун көлөмү дээрлик 80 миң тонна болсо, бажы төлөмдөрү 1,5 миллиард сомду түзгөн.

Ал эми ноябрь айында 81 миң тонна импорттун көлөмү менен 3 миллиард 800 миллион сом бажы төлөмү чогулган.

«780 миллион сомдук бир жолку дүмүрчөктөр болгон, бирок аларды алып койсок, дагы 3 миллиард сом түшөт. Бул май айына салыштырмалуу 2 эсеге көп», — деди Новиков.

Ал жаңы өкмөт бекитилгенден бери бажы төлөмдөрүнүн өсүшү 30 %ды түзгөнүн кошумчалады.

«2020-жылдын ноябрь айында бажы органдары 3,4 миллиард сом чогултуп, жалпысынан белгиленген көрсөткүчтү ашык аткарышты. Албетте, биз жыл башында бекитилген көрсөткүчтөргө жете алган жокпуз, бирок айырмачылыкты бир кыйла төмөндөттүк», — Новиков.

Ошондой эле Новиков ЕАЭБ өлкөлөрү менен өткөрмө бекеттерде жана чек ара бекеттеринде жол белгилеринин аткарылышын оңдоо үчүн камералар жакында орнотуларын жана ал өзүнчө статистика болорун белгиледи.

«Азыр бийлик эсепке алынбаган жүктөрдү ташуунун жаңы механизмдерин тапты, бул маселени жакын арада чечебиз», — деди ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости