www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда жайгашкан маданият мекемелери менен жеринен таанышып чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, райондогу маданият үйүндө куурчак ийримин ачуу, китеп сатуу жана аталган объектинин базасында конференц-зал куруу маселелери талкууланып, жалпы эмгек жамаат менен таанышты.

Мындан сырткары, министр Теодор Герцен атындагы музейде болду. Анда аталган музейдин экспонаттарын ар бирин экспертизадан өткөрүп, мамлекеттик тизмеге киргизүү жана идентификациялык номер алуу маселеси талкууланды. Аталган музейди буга чейин Ак-Дөбө айылдык кеңешинин балансынан Маданият министрлигинин балансына өткөрүү маселеси көтөрүлүп келген.

Ошондой эле иш сапардын алкагында Кадырбеков жергиликтүү маданият үйү жана китепкана кызматкерлеринин менен таанышып, жергиликтүү бийликтин чечими менен айлык маянанын токтоп калышы жана штаттык бирдиктерди кыскарып кеткендиги, жана аны чечүү жолдорун мекеме кызматкерлери менен талкуулады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости