www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-май күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын жергиликтүү тургундары менен жолугушту.

Жолугушууга облустук жана райондук мекеме-ишканаларынын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл аймактын тургундары катышып, жалпы катышуучулардын саны 270 адамды түздү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар тарабынан спорттук инфраструктураны жакшыртуу, ички жолдорду оңдоо, таза суу жана сугат суу, жайыт жана жер тилкелерине байланыштуу маселелер, бала бакча жана мектеп куруу, кооптуу аймактардын абалын кайрадан карап чыгуу, электр энергиясы, пенсия жана жөлөк пулга байланышкан көйгөйлөр көтөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында жалпысынан 38 жаран тарабынан 64 маселе көтөрүлүп, алардын ар бири тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери тарабынан көзөмөлгө алынды.

Ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев көтөрүлгөн маселелер боюнча аткаруу иштерин күчөтүү, тиешелүү чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуу боюнча жетекчилерге тапшырмаларды койду.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин эл менен жолугушуусу бүгүн, 15-май күнү Барпы айыл аймагында өттү.

Последние новости