www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, иш сапары менен Казакстан Республикасына келди.

Мамлекет башчысынын учагы Түркстан шаарындагы Хазрет Султан атындагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстан Республикасынын Мамлекеттик катчысы Ерлан Карин жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторунда ТМУга мүчө-мамлекеттердин туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.

Белгилей кетсек, иш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмунун мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышат.

Саммиттин ишине ТМУга мүчө-мамлекеттердин: Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле ТМУга байкоочу мамлекеттердин башчылары жана уюмдун Башкы катчысы катышмакчы.

“Жасалма акыл жана санариптик өнүгүү” темасына арналган иш-чаранын алкагында Мамлекет башчысы Кыргызстандын санариптик трансформацияны мыйзамдык жөнгө салуу, мамлекеттик санариптик платформаларды жана жарандарды электрондук тейлөө кызматтарын киргизүү, ошондой эле санариптик билим берүүнү өнүктүрүү тажрыйбасын тааныштырат.

Өзгөчө көңүл ТМУ алкагындагы биргелешкен долбоорго бурулат, анын ичинде санариптик транспорттук коридорду түзүү, эл аралык жүк ташуулар үчүн электрондук документтерди киргизүү, ошондой эле санариптик экономика жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү бар.

Бул саммит түрк мамлекеттеринин ортосундагы жасалма интеллект жана санариптик технологиялар тармагындагы кызматташууну бекемдөөнүн маанилүү этабы болуп калат.

 

Последние новости