www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Instagram  социалдык тармагында адамды карай ок аткан видеосун жүктөгөн 20 жаштагы блогер Максат Муктасынов милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Анын тапанчасы алынып, өзүнүн аракетине юридикалык баа берилет.

Белгилей кетсек, Максат Муктасынов 2 күн мурда курал колдонгону тартылган «Ойдогудай болгон жок» деген аталыштагы видео жүктөгөн.

Ички иштер башкармалыгы курал-жаракты мыйзамсыз сактоого болбостугун эскертип, аны өз ыктыяры менен тапшырган жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын белгилейт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости