www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт, Бороновго ишенип...

Өткөндө өкмөт мүчөлөрү баш болуп, депутаттар төш болуп, жакшы сөзгө күбө болушкан. Боронов берилүү менен жан үрөп ишендирип, кызыл тилин жанганда, биздин мамлекетти өнүккөн мамлекеттердин катарында жүргөндөй элестетип, анын аналитикасына баа берип калышкан эле. Калпты кимдер гана айтпаган, бирок көпчүлүктү ишендирип айткан да жөн адамдын колунан келбейт.

Айткандай, азыркы билермандардын мээсине караганда, тилдери бат иштээрин ушундан улам билсек болот, боло турган окуяны жигине жеткире айтышат, бирок ал айтылган сөздөр аткарылбайт. аткарууга да болбойт. К.Бороновдун сөзү калп экени, кечээ жакында болгон бороон чапкын, будуң-чаң, Ала-Тоо аянтында болгон митинг айгинелеп койду. Аз жерден Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана өкмөт мүчөлөрүнүн көздөрүнө 2011-жыл тартылып, аз жерден шымдары булгап коё жаздашты.

Себеби, “мынчалык көп эл чогулат” деп ойлошкон эмес эле да. Ар бир нерсенин артында бир нерсе бар болгон үчүн эл чогулат, болбосо элди чогултуу да колдон келе турган иш эмес.

Учурда, билермандар бардык нерсеге аяр мамиле жасап, аз да болсо бир нерседен сезденип калышкан түрү билинип калды көрүнөт. Эл жаман, толкуса Боронов эмес андан башка билермандын дагы сөзүнө ээ беришпейт. Ушул жагын эске алган жөндүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости