www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Осмоналиев жумушчу сапары менен Түп районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнө барды. Өкүл Талды-Суу айыл өкмөтүнө бара жатканда Түп айылындагы №2 лицейге кирип, абалы менен таанышып чыккан. Ичке-Суу айылындагы 2015-жылы башталып, ушул кезде пайдубалы гана бүткөрүлгөн жаңы имарат менен таанышып, тиешелүү адамдарга мектептин курулушун колго алууну тапшырды. Ал эми Талды-Суу айылында жеке ишкер Т.Бекбоевдин күнөсканасына барып, бадыраңдын быйылкы түшүмүнөн ооз тийип, бул ишти районго жайылтууну жарыя кылды.

Корумду айылындагы М.Темиров атындагы мектептеги айрым класстардагы оңдоо иштериндеги кемчиликтерди жоюу айыл өкмөттүн башчысы Айнура Мамбеталиевага тапшырылды.

Көөчү айылындагы «Наристе», Талды-Суу айылындагы «Керемет» бала бакчаларында болгондон кийин мындагы балдарга көрүлгөн камкордуктун мыкты сапатта экенине баа берип: «Облуста иш сапарларда болдум. Биринчи жолу эч көйгөйүбүз жок деген бул 2 бала бакчанын жамаатына таң калып жатам», - деди А.Осмоналиев.
Жолугушууда «4 сом болсо да өткөрбөсөк жүздөгөн тонна картошкабыз бөөдө күйүп кеткени жатпайбы», - дешти дыйкандар. Талды-Суу айылындагы М.Элебаев атындагы мектепте жайгашкан мамлекеттик жана коомдук ишмер К.Дыйканбаевдин музейинде болуп, иш сапарын мектептин залында Талды-Суу айыл аймагындагы 4 айылдын жашоочулары менен жыйынтыктады. Өкмөттүн ыйгарым өкүлү облустагы 2018-жылы аткарылган иштерге жана келечектеги пландарга кыскача токтолгондон кийин, элден түшкөн суроо-талаптарга райондун акими Э.Жантаев менен бирге жооп берип жатты.

Жыйынга катышкандар көбүнчө картошка, сарымсактын баасы жогорулабай жатканын, дыйкандардын мээнети күйүп жатканын айтып, таза суу көйгөйлөрүнө токтолушту.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости