www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайдан дагы бул мыйзамды чыгара калышты эле. Курган өкмөт мүчөлөрү ушул мыйзам үчүн элдин жана депутаттардын таландысында калды.

Айткандай ушул мыйзам үчүн жогору жак НПОлордон чоң акча алып, аны сиңирип кетүү үчүн, түкүрүк мыйзамы баш болгон 5 кодексти чийки болсо дагы чыгарып жиберген деген имиш бар. Бир жагынан бул айтылган сөздүн дагы чындыгы бардай. Болбосо ортого салынып, депутаттар талкууга алышат эле го?

 Ушул заманда уят, ар, намысты ким ойлоп жатыптыр. Ал жакта акча негизги маселе болуп жатканда. Бирок, өкмөт мүчөлөрү күн алыс депутаттардын сөз токмогунан кутула албай, абдан жүдөп да кетишти көрүнөт. “Акчаң менен аңга кир” деп айтылгандай, кызылдай акчанын азгырыгы болбосо, мынчалык элдин шылдыңына калышмак эмес жана депутаттардан жаш баладай тил угушпайт болучу.

Бирок, убакыт өтөт, баары эстен чыгып, унутта калат. Анан машинанын төрөсүн минип, кабат-кабат хан сарай салганга да жол ачылары турган иш экенин танып болбойт. Анткен менен тил угуп, какшыкка калып акча таап, байыган кимге жагат билбейм?

Бийназаров. Б. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости