www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан бир нече күн мурун камакка алынган табып Хашим Зайналиевге кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин токтотулуп, эркиндикке чыкты. Бул тууралуу жаңылыкты белгилүү тележурналист Бейшенбек Бекешов төмөнкүчө кабарлады. 

"Урматтуу боору бар, жүрөгү бар мекендештер! Мен силерди ыйлатайынбы? Анда уккула! Мага бери эле дегенде жүз киши чалды Хашим табыптын адресин айтып коюңузчу деп. Адреси СИЗОдо деп жооп бердим баарына. Өмүрдө өлбөй калуунун акыркы үмүтүн издеген жүз кишиге ушинтип жооп бердим. Ошонун бири да башка улуттан эмес, баары тең кыргыз болчу. Эми силерге доктурдан ылаажы жок, ажалыңарды күтүп олтура бергиле деп жөнөтүлгөн кыргыз болчу. Хашим түрмөдө жатат, качан чыгаары белгисиз, камагандардын тейине караганда жакында чыгаары арсар дегенди укканда ооздорунан сөзү түшүп, туттугуп, коштошконго да жарабай телефондорун коюп койгонун бир билем, анан өзүмдүн ошондой ар бир сөздөн кийин эсим эңгиреп, далайга чейин дайынсыз сандырактап басып калганымды бир билем. Бу тирүүлүктө үмүт үзүлүүдөн өткөн азап барбы!? Өзүңдүн же эң жакын адамыңдын күнү бүтүп баратканын билүүдөн өткөн азап барбы да, тозок барбы?! Жеке өзүңкү болбосо деле, бир шордуу кыргыз бир тууганыбыз ошентип калганын сезүү сага кандай сезим тартуулайт! Сен ушундайга ыйлайсыңбы, урматтуу менин бир боорум? Балким көтөрүмдүүрөөктүрсүң. Мен болсо такыр эле көтөрө албайм. Куюлган жашты жашыра албай, улгайган кезде улуу-кичүү алдында уят болом...
Ушу сөзгө ыйлабасаң, анда сени эми чындап ыйлатам, менин бир боорум. Ошол шордуу Хашим бүгүн эртең менен соттун чечими менен козголгон иши жабылып, түрмөдөн чыкты. Мага чалып сүйүнчүлөштү, азыр бала бакырасын көргөнү үйүнө кетти дешти...
Узун кулак ушакчылар Хашимди таппай мага телефон чала башташты табып кайсы берене менен акталды, дагы кайсынысы калып калды деп. Журналисттик кесипти улгайганга чейин ушак уулабай эле аркалап келатканыма дагы бир жолу шүгүр айтып, дагы да тообо келтирип жатам. 
Анан да алдырган анасынан эмнесин ачат дейт. Ак жеринен караланып жаткан Хашимдин айынан бийликтегилерге да бир топ акаарат сөздөрдү айтып жибердим эле. Мени кечиргиле. Мен куруюн. Үзүлгөн үмүттөрдү жандырган Хашим деген бир апенди даарыгер эл ичинде жүрсө эле болду. Түшүнгөн адамга ушунун өзү укмуш зор байлык. Азырынча башка бир да элде, өлкөдө жок кут жана дөөлөт..., деп баяндаган Бекешов. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости