www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Өкмөт түкүрүк үчүн айып пулдун суммасын азайтса анда чоң катачылык кетирет. Мен айтып коёюн, эгерде өкмөт эреже бузууга айып пулдарды арзандатса, мен жок дегенде он киши топтоп алып барып, өкмөт үйүнө түкүрөм”,- деп Атамбаевдин дежур серепчиси Бакыт Бекетаев кыргыз өкмөтүнө эскертүү кылды.
Бир кезде "мен Бакиевдин китебин окуган жокмун, бирок оюмду айтып коёюн",- деп китепти “боктоп” былжыраган эксперт сөрөйдүн сөзүнө ишенүү болобу?- деген суроо пайда болууда.
Андан да эксперт сөрөй "мамлекетти коркутуу аракети үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышым мүмкүн”- деп ойлонобу, же Атамбаевдин тапшырмаларын аткарып жүрө береби?
Азыркы өкмөттүн эл арасындагы лакап аты «түкүрүк өкмөт», болуп калгандыгын эске алсак, Атамбаевди мактап, ага "чаң жугузбай ырылдаган" эми кожоюну жок кезде "аңгиден качып", бирок, "токтобой" калган “даңгыр эшекке” окшошуп калган серепчи сөрөй "бир түкүрүктөн пас болгон серепчи", - деп аталып калышынан коркпойбу?...
Ырысбек Өмүрзаков
Булак: NazarNews.kg