www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан", -деп айтылган сөздөр азыркыга чейин актуалдуу болуп келет.

Ооба, кыргыз тилинде азыр Бишкек шаарынын жашоочулары көп сүйлөшпөй келет. Мунун себеби эмнеде? Анткени кыргыз тилинин аброюу кеткен. Кыргызча айрымдарына сүйлөсөң, кайра орусча жооп бергендерге кыжырың келет. 

Кантсе дагы, кыргыз тилин бала бакчадан баштоо керектигин канчадан бери айтылып келатса дагы, бул жаатта эч бир жылыш боло электиги зээнди кейитет. Жада калса кыргызча мектептерде кээде орусча сүйлөгөндөр көбөйдү. Жада калса, айылдарда азыр орусча сүйлөй башташты. Орус тилин жана башка тилдерди өздөштүрүү мезгил талабы, бирок, кыргыз тилин да ошондой деңгээлде билишибиз керек.

Белгилүү жазуучу Мар Байжиев айткандай, расмий тилдин макамын да алып коюууга болбойт, анткени орус тили эл аралык тил болуп эсептелинет. Бардык керектүү китептер Пушкиндин тилинде чыгарылаары айтпаса да белгилүү.

Ошондой кылымдардан бери келаткан тил азыр актуалдуу болуусу үчүн биз аны күндө сугарып, бөпөлөп көтөрүшүбүз керек.

Ошондо гана тилибиз көтөрүлөт. Көчөлөрдө, дүкөн-базарларда жана коомдук жайларда кыргызча гана сүйлөшүбүз керек. Болбосо биздин тил унутулуп калат!

Качан гана кыргыз кыргыз тилин көтөрмөйүнчө эч жылыш болбойт.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

 

Последние новости