www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Митингдин мекени болгон Кыргызстан

Кайран СССР убагындагы Кыргызстан, Фрунзе дегенде абасы таза, жапжашыл, кооз мамлекетти элестетишээр экен. Азыр ал Фрунзе кайда? Аты менен заты, көркүн жоготкон сыяктуу. Өнүгүп,өсүүнүн ордуна жоголуу алдында турат. Аттиң, Фрунзе азыр жок! 

Акыркы убактарда Кыргызстан десе эле биринчи митинг көз алдыбызга келчүү болду. 

Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюшуп , анан байкуш элди курал -жарак катары колдонушат, анысы жаман адаттардын бирине айланганы өкүнүчтүү. Эл деле түшүнбөй,көрбөй,билбей жатабы же жумушсуздуктун айынан акча кылып алабы дейби?- же чындап эле өздөүнүн каалоосу менен Кыргызстанга күйүп-бышып бир максатта, Кыргызстандын келечегин ойлоп чыгып жатышабы, айтор, белгисиз.

Бугун, мени таң калтырган өзгөчө митинг болуп өтту, бул эмне деген шумдук. Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун деген соз бар эмеспи. Циркте ойногону аз келгенсип, Ала-Тоо аянтына чогулуп, өздөрүнүн өзгөчө, толуп турган өнөрүн көрсөткөн каскадерлорго баракелди!

Максатсыз, болоор-болбос митингдерди азайтып, максаттуу келечекти өнүктүүрүгө өтсөк жакшы болмок.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости