www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев: «Статистика боюнча 750 миң мекендештерибиз башка өлкөлөрдө иштешет, алардын 630 миңи Россиянын аймагында. Кыргыз мигранттар которгон каражат 2,5 млрд сомдон ашат»- дейт.

“Жыл сайын өлкө казынасына 2,5 млрд сомдон ашуун акча которушат. Бул экономиканы колдоого болгон чоң салым”, – дейт Имангазиев.

Чет жерде мигрант болуп жүргөн мекендештерибиз көз жумганда сөөктү Кыргызстанга алып келүүгө кыргыз диаспоралары чоң көмөк көрсөтүүдө. Каза болгон маркумдун жакындары мамлекеттен 50 миң сом компенсация ала алышат, – деп кошумчалады Имангазиев. Бишкек шаарында чет жакка кетип жаткан мигранттарга тил үйрөтүп, багыт берип коопсуздугун көзөмөлдөгөн Миграция кызматынын алдында жарандарды башка мамлекетке ишке орноштуруу кызматы бар. Алар азыр Корея мамлекети менен тыгыз иш алып барууда.

Мигранттарыбыз көп эмгектенген жерлерде, ардактуу консулдуктарды ачуу боюнча азыр иш – аракеттер жүрүп жаткандыгы да адистин маалыматтарынан улам белгилүү болду. Жакында кабыл алынган мыйзамга ылайык, эми мекендештерибиз чет жерлерде да өз пенсиясын ала алышат.

Азырынча бул келишим Түркия мамлекети менен түзүлдү. Мигранттардын коопсуздугун, иштөө шарттарын жакшыртуу үчүн баардык аракеттерди жасайбыз, – деп билдирди Имангазиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости