www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 21-январь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын парламентинин депутаттары Джевдет Йылмаз жана  Лютфи Элванды кабыл алды. Президенттик Аппараттын тараткан расмий маалыматтарына ылайык, бул жолугушууда 2018-жылдын сентябрь айында Бишкекте болуп өткөн Кыргызстан-Түркия жогорку жетекчилеринин стратегиялык кызматташуу боюнча кеңешинде макулдашылган маселелерди ишке ашыруу жумушу талкууланды.  Бул талкууланган маселелердин негизгилери болуп соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, маданий жана билим берүү тармагындагы интеграциялык долбоорлорду алгылыктуу ишке ашыруу каралган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков, кыргыз-түрк калктары бир тууган элдер экендигин жана кызматташуунун негизги багыты экономикалык сектордо ишке ашуусу учурдун талабына ылайык болоорун белгиледи. Өз кезегинде Түркия Республикасынын парламентинин депутаттары Джевдет Йылмаз жана  Лютфи Элван мырзалар 2019-жылдын ичинде жогорку жетекчилик тарабынан кабыл алынган кызматташуу пландары өз убакыт-мөөнөттөрүндө ишке ашырыла тургандыгына ишенишээрин билдиришти.  

Натыйжада, Кыргызстанда Түркиянын Маариф Фондунун кеңсесин ачуу жана пилоттук негизде бир мектебин уюштуруп, күзгү окуу жылына ишке киргизүү, түрк ишкерлерин Кыргызстан экономикасына инвестиция салуусу үчүн жер жерлерде бизнес форумдарды өткөрүү жана аларга колдоо көрсөтүү, тармактык министирликтердин арасында кызматташууну бекемдөө, айрыкча коргоо министирлиги, социалдык коргоо жана өзгөчө кырдаалдар боюнча министирликтердин ортосунда натыйжалуу иш алып баруу милдеттери каралды. 

Жолугушуунун соңунда Түркиялык меймандар кыргыз элинин жылуу кабыл алган меймандостугуна жана бир туугандыгына терең ыраазычылык билдиришип, Ала-Тоо эли менен Анадолу элинин достугу миң жылдык экендигин белгилешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости