www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапон өкмөтү толук курамы менен кызматтан чегинди

Жапон өкмөтү толугу менен отставкага кетти. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү, 4-октябрда, Киодо агенттиги билдирет.

Эми Жапониянын премьер-министри - өлкөнү башкарган либерал-демократиялык партиясынын (ЛДП) лидери Фумио Кишида болот. Дүйшөмбүдө өлкөнүн парламентинин эки палатасы тең премьер-министрдин талапкерлигине добуш берет, андан кийин ал министрлер кабинетин дайындайт.

Хироказу Мацуно башкы катчы болот. Тышкы иштер министри Тошимицу Мотеги менен коргоо министри Нобуо Киши кызматтарын сактап калышат. Илим жана билим берүү министрлигин жетектеген Койчи Хагиуда экономика, соода жана өнөр жай министри болот.

Жаңы премьер-министр өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Фумио Кишида болору 29-сентябрда белгилүү болгон. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жарыялангандан кийин, Кишида Жакында парламенттик шайлоо болоорун, анда жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн ЛДП мүчөлөрү биригиши керектигин эске салды. Өз милдеттеринин арасында ал коронавирус пандемиясына каршы күрөш менен экономикалык жана социалдык маселелерди чечүүнү бөлүп көрсөттү.

Эске салсак, сентябрдын башында премьер-министр Ёсихидэ Суга партиянын башчысы кызматына талапкерлигин койбой турганын жарыялап, премьер-министрликтен баш тарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости