www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттикке бир эмес, бир нече жолу талапкерлигин койгондор бар. Жыгылса да күрөшкө тойбогон, беттегенин бербеген айрым талапкерлерге собол узаттык.
– Мен президенттикке ушуну менен үчүнчү жолу талапкерлигимди коюп атам. 2011-жылы чоң жарышка жеткенде алып салышкан. Бул жолу да БШКга арызымды убагында бергем, ар кандай шылтоо менен алты күн карабай убактымды алышты. Бир топ убактымды уурдатып кол чогултууга 18-ноябрда кириштим. Добуш чогултуу аска-тоодой эле оор болууда. Мага жарандык активисттер, бир туугандарым, дос-тааныштарым жардам берип атышат. Өзүмө билинбегени менен буга чейин көп эле адамдарга жардам берип баркым өткөн экен, алар чуркап жүрүшөт. 2017-жылкы шайлоодо жылуу мезгил эле, бир ай бою таңкы алтыдан түнкү 12ге чейин базар, дүкөн, кафе-ресторан кыдырып добуш чогулткам. 60 миң кол топтоп барсам 47 миң кол таза деп саналып, калганын алып салышкан. Ар бир эле адам өзүн бийик сезет да, мен да өзүмдүн дараметимди жогору баалап атам. Анткени атым чыгып калган, тажрыйбам бар адаммын. Эң чоң мамлекеттик программалардын кабыл алынуусуна салымым бар. Эгерде президент болуп калсам азыркы туңгуюктан чыгуунун жолдорун сунуштап, аларды ишке ашырмакмын.
Булак: NazarNews.kg