www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сөөгү өрттөлгөн «маркум» тирүү экен

Индияда каза болгон кишинин сөөгүн туугандары ооруканадан чыгарып, өрттөп салган. Таңкалышуусу мерт болгон киши бир жумадан кийин үй-бүлөсүнө кайтып келген.

Ноябрдын башында 75 жаштагы кишини коронавирус инфекциясы менен ооруканага жаткырышкан. Бир нече күндөн кийин ал каза болду деген кабар жакындарына угузулган. Сөөгү вирустун алдын алуу протоколуна ылайык сакталып, жакындарына анын бети гана көрсөтүлгөн.

Туугандарынын айтымында, сөөктү өрттөп, атайын ырым-жырымды өткөрүүгө даяр турушкан. Бирок аларга ооруканадан чалышып, сакайып чыккан жакынын алып кетүүнү өтүнүшкөн.

"Биздин оозубуз ачылып калды. Атабызды аман-соо үйгө алып келдик. Бирок кимдин сөөгүн өрттөгөнүбүздү билбейбиз", — деген кишинин уулу.

Атайын кызматкерлердин териштирүүсүнүн натыйжасында, үй-бүлө мүчөлөрү коронавирус жуктурган дагы бир улгайган бейтапты кремациялаганы белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости