www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

27-ноябрь күнү президенттикке талапкерлердин бири Бектур Асанов ачкачылык жарыялаганын расмий жар салган. Ал: “Мага 2016-жылы козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум 25-ноябрда Жогорку сотто кайра каралышы керек эле. Бирок «соттук коллегиянын курамы толук эмес» деген негиз менен отурумду 10-декабрга жылдырышты. Бул саясий буйруктун негизинде, мени президенттик шайлоого катыштырбоо максатында, атайын жасалып жатат”-, деп түшүндүргөн.

Бүгүн, 29-ноябрда ачкачылык кармаган Бектур Асановдон саясаттагы жакындары, Курсан Асанов, Канат Исаев, Феликс Кулов, Равшан Жээнбеков, Улугбек Маматаев, Таалайбек Мадаминов, Мамбетжунус Абылов, Сабырбек Муканбетов, Каныбек Иманалиевдер кабар алышты.

Аттуу-баштуу саясатчылар Бектур Асановдон ачкачылыгын токтотууну суранып, саясий куугунтук менен адилетсиздикти башка жолдор аркылуу күрөшүүнү айтышты. Өз кезегинде саясатчы алардын сөзүн угууну туура көрүп, мурда жарыялаган ачкачылыгын токтотууну чечти.

Ага кошумча Бектур Асанов ачкачылык кармаган учурунда ден-соолугуна эч кандай зыян тартпаганын, өзүн жакшы сезип жатканын жана көздөгөн максатына жетүү үчүн күрөшкө даяр экендигин айтты.

Эске салсак, саясатчы ачкачылыгын 26-ноябрда жарыялаган. 27-29-ноябрь күндөрү суулуу ачкачылык кармап, бүгүн, 29-ноябрь күнү кургак ачкачылыкка өтмөк.

--“Мен ачкачылыгымды токтоттум. Эми соттун чечимин күтөм. Шайлоочулардан кол топтоону токтоткон жокмун, эгер 14-декабрга чейин жетишип кала турган болсом, сот адилеттүү чечим кабыл алса, президенттик шайлоого катышуумду улантам”,- деди Бектур Асанов. 

Ал эми соттун чечими саясатчы каалагандай болбой кала турган болсо, президенттикке аттанган башка талапкерди ачык колдоп чыгууну пландоодо. Ал талапкерлердин сап башында Адахан Мадумаров менен Канат Исаев бар.

Биринчи турда экөөнү тең колдоп, экинчи турга кимиси өтө турган болсо, ал талапкерди сүрөп чыга тургандыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости