www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын расмий бийлигинин маалымдашынча, 29-ноябрда эртең менен өлкөнүн Газни вилейетинде бир жанкечти жардыргыч зат жүктөлгөн автоунаасы менен Газни шаарынын чет жакасындагы аскердик базага кол салып, натыйжада коопсуздук күчтөрүнүн бери дегенде 26 кызматкери набыт болду.

«Ушул тапта бизге 26 кишинин сөөгү жана 17 жарадар жеткирилди. Бардыгы тең – коопсуздук күчтөрүнүн кызмакерлери», – деп Газни шаарынын ооруканасынын директору Мухаммед Хемат маалымдады.

Газни аймактык кеңешинин мүчөсү Насир Ахмад Факиринин айтымында, бери дегенде 17 киши жардыруунун айынан ар кыл жаракат алышты.

Ооганстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү автоунаанын жардырылгандыгын тастыктады, бирок анын курмандыктары тууралуу азырынча маалымат бере алган жок.

Соңку мезгилдерде чыгыштагы Газни вилайетинде жана өлкөнүн башка айрым аймактарында ооган коопсуздук күчтөрү менен талибдердин жоочуларынын өз ара кагылышуулары орун алып келет. Ооганстан бийлиги менен талибдердин ок атышууларды токтотууга багытталган дипломатиялык аракеттери жарга кептелген бойдон ордунан козголбой келет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости