www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык «Ассанабил» кайрымдуулук фонду Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда «Бахрейн» деп аталган жаңы шаарча кура баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы билдирди.

Бүгүн, 29-ноябрда шаарчадагы алгач социалдык объект болгон мектептин пайдубалына капсула салынды. Ага жергиликтүү жетекчилер жана «Ассанабил» фондунун жетекчиси Саид Баюми жана шаар тургундары катышты.

Фонд бул аймакта мектептен сырткары бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер пунктун, мечит жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак-жайларды куруп бермекчи. Курулуш иштерин толугу менен бир жыл ичинде бүткөрүү пландалууда.

Долбоордун алкагында салынып жаткан чакан шаарча үчүн мэрия 1.25 гектар жер аянтын бөлүп берген.

«Ассанабил» кайрымдуулук фонду буга чейин өлкөнүн ар кайсы аймактарына 40тай мектеп, 20-30дай медпункт курганы менен белгилүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости