www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сингапурда, кош бойлуу кезинде коронавирус менен ооруп айыккан Селин Нг-Чен аттуу жергиликтүү тургун организминде оорунун антителолору бар уул төрөдү.

Covid-19 вирусу аялдын 10 айлык кош бойлуу учурунда аныкталган.

Селин Нг-Чен вирустун жеңил түрү менен жабыркап, 2,5 жумадан кийин ал ооруканадан чыгарылган. Анын баласы Олдрин COVID-19га каршы иммунитет менен төрөлдү.

"Бул абдан кызыктуу жагдай. Баламдын педиатры менин COVID-19ге каршы антителолорум жоголуп кетти деп айтты, бирок Олдринде бар. Менин доктурум антителолорду кош бойлуу кезимде ага өткөрүп берген болушум мүмкүн деди”,- деген божомолун айтты Нг-Чен.

Нг-Чендин окуясы өлкөдөгү биринчи окуя эмес. Сингапурдук Наташа Линг кош бойлуулуктун 36-жумасында Covid-19 вирусун жуктуруп алган, ал дагы вируска каршы антителолору бар балалуу болгон.

Эксперттер коронавирустук инфекциянын энеден балага жуккан учуру азырынча далилдене электигин белгилешти. Бул, айрыкча, Приморск аймагынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жугуштуу оорулар боюнча башкы штаттан тышкаркы адиси Анна Симакова тарабынан айтылып келген божомолдорго каршы чыгат.

Анын айтымында, антителолор ансыз деле ар дайым бала төрөлгөндө энеден балага жугат, ал наристенин денесинде бир жашына чейин камтылат. Ошондой эле, аял коронавирус менен ооруп калган учурунда кош бойлуулуктун канчанчы айында болгонун да изилдөө керек дейт ал. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости