www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын март айында Бишкек шаарындагы №87 орто мектебинин 5-классынын окуучусу каза болуп, директору Жаңыл Исанова кызматтан алынган. Бирок ал кайра кызматына май айында кайтып келгенин 24.kgге билдирди.

«Тергөөнүн жана соттук териштирүүнүн жыйынтыгында менин күнөөм жок деп табылган. Бишкек шаарынын Ленин райондук жана шаардык сотторунун чечимдери бар. Бирок кыздын апасы апелляциялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылган. Бул иш боюнча соттук отурум август айында болот», - деди Жаңыл Исанова.

Белгилей кетсек, 11-мартта Свердлов районунун №87 мектебинин сабак учурунда эсин жоготкон окуучусу ооруканада каза болгон. Апасы өспүрүмгө биринчи жардам көрсөтпөгөн директорду, мугалимди жана мектеп медайымын жумуштан кетирүүнү талап кылган.

Курамына билим берүү, саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн адистери жана юристтер кирген комиссия эсин жоготкон окуучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүүдө мектеп жетекчилигинин аракеттери жетиштүү деген бүтүмгө келген. Комиссиянын ишинин жүрүшүндө мектептин директору убактылуу ээлеген кызматынан бошотулган.

Булак: 24.kg

Последние новости