www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Башкы прокуратурасы Январь окуяларын өлкөнүн түрдүү аймактарындагы 27 киши уюштурган деп эсептейт. Бул тууралуу 20-июндагы брифингде мекеменин Кылмыш иликтөө кызматынын башчысы Серик Шалабаев билдирди.

Анын айтымында, Январь окуяларында негизги ролду "криминал", анын ичинде "Дикий Арман" деген каймана ысым менен белгилүү Арман Жумагелдиев ойногон.

"Ал шериктери менен бирге 6-январда уюшкандык менен Алматыдагы "Казакстан" мейманканасына топтолгон кылмышкерлерге "Глок" жана "Макаров" үлгүсүндөгү тапанчаларды тараткан. Уюштуруучулар куралданган кылмышкерлерди 10 кишиден топ-топко бөлүп, аларга тапшырмаларды беришкен. Топ "башчыларына" бронежилеттер, башты коргоо каражаттары, ок атуу куралдары жана 200 миң теңге берилген", – деди Шалабаев.

Анын айтымында, топтун калган мүчөлөрүнө таяктар менен куралдануу жана бири-бирин таануу үчүн билектерине ак түстөгү тасмаларды байлоо тапшырмасы берилген.

"Куралчан кылмыштуу топтор шаардын түрдүү бөлүктөрүнөн 24 кишини уурдап, Ritz Carlton жана "Казахстан" мейманканаларынын унаа токтотуу жайында күч менен кармап, сабашкан. Андан соң аларды шаар сыртына алып чыгып, темир контейнерлерге камап коюшкан. Ур-токмоктон улам ал адамдардын бири каза болуп калган", – деди Шалабаев.

Ал бул кылмыштарга шектүү катары 40 киши камакка алынып, учурда буга тиешеси бар калган адамдарды издөө иштери уланып жатканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости