www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Кабулда бийликке "Талибан" кыймылы келгенден кийин өлкөдөн качкан ооган аскерлери Тажикстанга таштап кеткен учактар менен тик учактарды Душанбеге берүүгө ниеттенип жатат.

Бул тууралуу ЖМК өкүлдөрүнүн жазуу түрүндөгү суроолоруна жооп берген АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы Майкл Курилланын билдирүүсүндө жазылган.

"Былтыр августта ооган аскерлери таштап кеткен учактардын коопсуздугун камсыз кылып турганы үчүн Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнө ыраазычылык билдиребиз. Талибдердин буга чейинки бир нече жолку коркутууларына карабастан, учактар кайтарылып берилбейт, анткени алар талибдерге таандык эмес. АКШ Тажикстандын өкмөтү менен учактарды колдонуунун жана тейлөөнүн кыйла натыйжалуу жолун аныктоонун үстүндө иштеп жатышат. Биз бул учактардын айрымдарын же бардыгын тажик өкмөтүнө беребиз деп үмүттөнүп турабыз. Мен азыр бул качан болорун так айта албайм, бирок биз бул маселени чечүү үчүн болгон аракетибизди көрүп жатабыз", – деп жазылган Куралланын жообунда.

Өткөн жумада Душанбеге барган Майкл Курилла тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолугуп, АКШ менен Тажикстандын ортосундагы мамилелерди, өзгөчө аскердик жана коопсуздук тармактары боюнча кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулаган.

Май айында АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм Вашингтон менен Душанбе Ооганстандан Тажикстанга келген аскердик авиатехниканын тагдыры жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген.

Былтыр августта "Талибан" кыймылы бийликке келгенден кийин ооган аскерлери Тажикстанга 18, Өзбекстанга 46 учак жана тик учактарды айдай качышкан.

Андан бери "Талибандын" жетекчилиги ооган аскерлери таштап кеткен авиатехникаларды Ооганстандын азыркы бийлигине кайтарып берүү талабы менен Тажикстандын жана Өзбекстандын өкмөттөрүнө бир нече жолу кайрылган.

Майдын башында өзбек өкмөтү Ооганстандан келген аскердик техника "Талибанга" кайтарылып берилбей турганын, себеби ал Кошмо Штаттардын менчиги экенин кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости