www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилде башкаруучу коалиция парламентти таркатып, жаңы шайлоо жарыялоого ниеттенип жатат. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, Кнессетте парламентти таркатуу боюнча добуш берүү кийинки жумада болот. Эгер бул сунуш депутаттардын колдоосун тапса, анда шайлоо күзүндө өтүп, ал Израилде акыркы үч жылдын ичиндеги бешинчи парламенттик шайлоо болуп калат.

Израиль өкмөтүнүн башчысы Нафтали Беннет менен тышкы иштер министри Яир Лапид 2021-жылы июнда коалициялык көпчүлүктү түзүү тууралуу макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, алгачкы эки жылда премьер-министр кызматын Беннет аркалап, кийин аны Лапид алмаштырышы керек болчу. Бирок уланып жаткан парламенттик кризистен улам аларда бул позицияларын кармап калууга мүмкүнчүлүктөрү аз экени айтылууда.

Израилдин азыркы өкмөтү башынан эле сынга кабылып келген: ал сегиз партиянын өкүлдөрүнөн куралган, арасында ашкере оңчулдар, ашкере солчулдар, центристтер, диний партиялар жана араб топтору бар.

Парламент бүгүнкү күнгө чейин өлкөнүн жаңы бюджетин кабыл алып, негизги кызматтарга дайындоолорду жасап, араб өлкөлөрү менен мамилесин жакшыртууга жетишти. Бирок дагы деле Кнессеттин мүчөлөрү мамлекет менен диндин ортосундагы мамиле, Израилдеги араб калкынын укуктары жана Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги талаштуу аймактардагы саясат боюнча жаңжалдашып келишет.

New York Times парламентти таркатып, жаңы шайлоо дайындоо – өлкөнүн мурдагы премьер-министри Беньямин Нетаньяху үчүн өтө ыңгайлуу болуп жатканын белгилөөдө. Басылманын маалыматына караганда, учурда анын "Ликуд" партиясы сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча алдыда келатат.

Нетаньяху Израиль өкмөтүн эки жолу башкарып (1996-1999-жылдары жана 2009-2021-жылдары), өлкө тарыхында бул кызматта эң узак убакыт (15 жыл 3 ай) иштеген лидер болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости