www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дмитрий Песков:

Орусия Литванын Калининград облусу аркылуу бир катар товарларды ташууну токтотуу чечимин мыйзамсыз деп эсептейт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Чечим чындап эле күтүүсүз болду. Көп нерсе бузулду. Бул Евробиримдиктин санкцияларына тиешелүү экенин түшүнөбүз. Кырдаал өтө олуттуу. Кандайдыр бир чечимдерди кабыл алуудан мурун абдан терең анализ жасалышы керек. Жакынкы бир нече күндүн ичинде терең талдоо жүргүзүлөт. Бул жерде блокаданын элементтери бар", — деди Песков.

Белгилей кетсек, "Литва темир жолдору" ишканасы "Калининград темир жолуна" ЕБ санкцияларына дуушар болгон бир катар товарлардын транзити токтотулганын кабарлаган. Облустун губернатору Антон Алиханов Калининград облусунун паромдук комплекси Литва аркылуу өтүүчү транзитке чектөө киргизилгендиктен товар аз болуп, жүктөрдү эч көйгөйсүз кабыл алып жатканын айтты.

Литва аркылуу Калининград облусуна мунай продуктуларын ташуу улантылууда, алардын транзити 10-августка чейин чектелбейт. Тыюу салынган товарлар суу аркылуу гана жеткирилет.

Буга чейин Федерация кеңешинин Эгемендүүлүктү коргоо комиссиясынын башчысы Андрей Климов НАТО Орусия аймагын блокадалоону Литванын жардамы менен баштаарын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости