www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы шашылыш түрдө 100 автобус сатып алат

Бишкек мэриясы шашылыш түрдө 100 автобус сатып алуу үчүн арыздарды кабыл алууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, автобусту сатып алуунун биринчи этабында жүргүнчү ташуучу 100 бирдик алуу каралган. Экинчи этапта дагы 100 автобус алуу пландалууда.

“Кызыкдар тараптар [email protected] электрондук почтага кайрыла алат. Арыздар 22-июнь саат 23:00гө чейин кабыл алынат”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров "Белес.kg" компаниясынын автобустары базар баасынан 40-50 миң еврого кымбат экенин айтып, сатып алуудан баш тарткан. Ошондой эле техникалык талаптарга жооп бергени тууралуу сертификаты жок экенин айткан болчу.

Анын алдында президент Садыр Жапаров аталган ишканага барып 10 троллейбус жана 10 автобус буйрутма кылып, сыноодон өткөрүү тапшырмасын берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости