www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ бийлиги Токаевдин реформасын колдойт

АКШ Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин саясий модернизациялоо жана адам укуктарын коргоо системасын өзгөртүү боюнча реформасын толугу менен колдойт, ошондой эле 5-июнда өткөн референдумду бул реформаларды ишке ашыруунун кезектеги кадамы катары баалайт.

Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зеянын Казакстандын президентинин эл аралык кызматташтык боюнча атайын өкүлү Ержан Казыханга жөнөткөн катында айтылат.

Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

“Биз Казакстанга мамлекеттик башкаруу системасын демократиялаштыруунун татаал жолунда, ачык жана угуучу институттарды түзүү, ошондой эле көз карандысыз жарандык коом менен бирге адам укуктарын коргоо чөйрөсүн бекемдөө үчүн жардам берүүгө ар дайым даярбыз”, - деп жазылган Зеянын катында.

Билдирүүдө, ошондой эле Кошмо Штаттары тынч, туруктуу, гүлдөп өнүккөн жана демократиялуу Казакстанды жактаары, демократиялык, жоопкерчиликтүү жана мамлекеттик башкаруу жолунда эки өлкөнүн конкреттүү жетишкендиктерин талкуулоо боюнча диалогдун уланышына үмүт артары белгиленген.

“11-апрелде Казакстан менен АКШнын ортосундагы буга чейинки макулдашууларына ылайык, АКШнын Мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея Казакстан президентинин Нур-Султандагы өкүлү Казыхан менен бирге адам укуктары жана демократиялык реформалар боюнча Жогорку деңгээлдеги диалогдун биринчи жыйынына катышуу үчүн Казакстанга иш сапары менен келген”, - деп кошумчалады өлкөнүн ТИМи.

Белгилей кетсек, АКШ Казакстандын бийлигин колдой турганын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаевдин Нур-Султан Донецк жана Луганск Эл Республикаларынын көз карандысыздыгын тааныбай турганын айткандан кийин билдирип отурат. 

Токаев аталган өлкөлөрдүн көз карандысыздыгын тааныбасын өткөн аптада  Россияга болгон иш-сапарынын алкагында Владимир Путиндин катышуусунда өткөн Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун пленардык жыйынында билдирген.

Ага чейин, Казакстандын ТИМ башчысы Мухтар Тлеуберди Казакстан “эл аралык укуктун негиздеринен жана БУУнун Уставынын негизги принциптеринен” чыкпай турганын айткан эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости