www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айылдан келген, ой ак чөп башта, акимдик кызматтан дароо эле "космостук тездик" менен вице -премьер болуп калган Замирбек Аскаров деген бар. Бар деген эле аты болбосо өзү "жок" кишидей. Ал өзү деле бул кызматка келип калганын түшүнүп-түшүнбөй калган. Же ошондон бери эйфорияда жүрөбү эс-мас болуп.
Вице-премер болуп иштеп жатканына 8-9 ай болуп кетти. Бирок бул мезгилдин ичинде деги эмне иш кылганы да белгисиз. Эл вицелер Боронов, Разаков, Өмүрбекованы билишет. Алар аздыр-көптүр иштеп жатышкансыйт. Ошол эле учурда Аскаровду күндүзү чырак менен издесең табалчудай эмессиң. Бир жолу мындай ишти, андай ишти кылып жатат деген маалымат ЖМКларга да чыкпады. Деги жумушка келеби?
Мындай виценин барынан жогу жакшы эмеспи. Элди, мамлекеттин ишин ойлобой, жеке кызыкчылык менен ушундай деңгээлдеги адамдарды маанилүү кызматка алып келгендерге наалат!
Өзү деле бетинде кызылы болсо, кызматын тапшырып кетип калса болмок...
Булак: "Багыт"