www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абдылда Суранчиев деген генералды эл жакшы эле билет. Анын даремети чектелүү болсо да 2013-жылы ИИМге министр кыла коюшкан. Бирок жакшы иштей албай, катуу сындарга кабылган.
Анын мындай кызматка "жараксыз" экени билингенден кийин (туура 1 жылдан кийин) кызматтан айдашкан. Бирок Суранчиев кызматтан кеткенден көп өтпөй эбин таап, "Альфа- Телеком" (Мегаком) мамлекеттик компаниясынын директорунун биринчи орун басары болуп иштеп келатат. Компаниянын мурунку директору Азат Базаркуловдун алган айлыгы учурунда 150-170 миң сомду чапчычу. Базаркуловдон кийин бул кызматка, Суранчиевдин жаңы "шефи" болуп анын небересиндей болгон Жамангулов Акылбек 3-4 айдан бери иштеп жатат.
Суранчиев буга чейин өзүн генерал сезип, өзүнө тагылган милдетти чала-була аткарып, алдынан чыккандарды шатырата (ал абдан бок ооз экенин көпчүлүк жакшы билет) сөгүп, жыргап жүргөн. Эми болсо небересиндей жетекчинин алдында желип-жортуп, бөйпөңдөп иштеп жатыптыр.
Себеби, Жамангулов талапты катуурак коюп, жакшы иштебегендерди иштен айдап жатканын угуп жатабыз. Кезек орун басар "чоң атасына" жетти окшойт. Чынында Жамангулов үчүн деле Суранчиев ыңгайлуу фигура эмес. Энергиясы эчак азайган 70теги аксакал жек көрүндү болуп, мансаптын кулуна айланбай, үйүндө генералдай болуп баш көтөрүп, неберелерин эркелетип олтурушу керек.
Булак: "Багыт"