www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Долбоордун авторлору - “Республика - Ата Журт” фракциясынан Экмат Байбакпаев жана “Бир Болдон” Бакирдин Субанбеков. Буга чейин кыргыздын улуттук баш кийими - калпакты мазактагандарды жазалоо тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлган болчу.

Эгер сунуш колдоо тапса, жеке адамдар үчүн 10, ал эми юридикалык жактар үчүн 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айыппул салынары айтылган. Кыргызстанда Ак калпак күнүн өткөрүү боюнча 2011-жылы демилге көтөрүлүп, 2017-жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыялаган.

Ошондон бери жыл сайын 5-март күнү баардык мекемелерде, көчөлөрдө жана дегеле мекенчилдик сезими бар кыргыз жарандары башына ак калпак кийишип, улуттук баш кийимибизди даңктап келишет. Кылымдарды карыткан кыргыз эли эзелтен эле баш кийимин, ак калпакты ыйык сакташкан. Баш кийимди бөтөндөргө белекке бербейт деген жөрөлгө бар. Себеби бул жамандыктын белгиси болуп саналат.

Бирок өлкөбүздүн аймагында эле жашаган айрым жарандар ак калпагыбызга шек келтирип, акаарат сөздөрдү айтып жүрүшкөндүгү, мончого барганда кийип алгандары да кездешет.

Тилекке каршы алар бүтүндөй кыргыз элинин намысын тебелегендиги үчүн кечирим сурамак турсун, уялып да коюшпайт. Эгер депутаттар ак калпагыбызга өзгөчө макам берип, мыйзам кабыл алышса, анда мындай эси жоктор жок дегенде бир түкүрүктүн өлчөмүндө айыппул төлөп калышар.

Булак: “Майдан. kg”

Последние новости