www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрке талтаӊ бала…

Кыргыз саясатында аты бар, бирок кыпындай да заты жок, алабарман, билим деңгээли, акыл-парасаты өтө төмөн саясатчылар абдан көп. Андайлар бутка чалынып, ар кайсыны тантып сүйлөсө,  кыжырыңды гана келтирип турат. Анан ошондой саясатчы чалыштар арам байлыктарына  таянып, партия ачып алышкан. Же партиясы бир партиядай эмес.

Мындайча айтканда элди алдоо  сыяктуу эле саясый  уюм десе болот. Мына ушул өңүттөн алып караганда Кыргызстанда 200дөн ашуун партия бар. Баары эле ошондой. Эми ошол партиялардын лидерлерин карасаңар: элге эчак жек көрүнгөн, убадаларына турбаган, жалаң жеке кызыкчылык үчүн эт- бетинен кетишкендер.  Ошолордун арасында “Өнүгүү” деген партия  өзгөчө барандуу оорун ээлеп келатат. Бул партиянын лидери Бакыт Төрөбаев бай үй-бүлөдө чоңоюп, эрке талтаң өскөн, таман-акы маңдай тер деген түшүнүктү терең түшүнбөгөндөрдөн. Атап айтканда атасы Эргеш Төрөбаев коррупцияга кокодон баткан энергетика тармагында көп жыл жетекчи, кийин ЖКга депутат  да болгон. Атанын баркы менен баласы Бакыт саясатка эрте эле аралашкан. Маселен,  саясатты түшүнбөгөн, ишкерлик кылып, акчанын артынан кууган Төрөбаев 25 жашында ошол кездеги канкор президент Курманбек Бакиевдин “Ак жол”  партиясынан ЖКга депутат болуп келген. Себеби, Бакыт мырза,  Бакиевдердин  жердеши,  саясаттагы санаалаш иниси  катары калкка жакшы маалым.

Тырылдаган трактор саясаты…

Төрөбаев 2010-жылдан кийин Бакиев байкесин бир топ “жоктоп” алып, саясатка кайра аттанды. Бабановдун этегине жабышып,  акчасын чачып олтуруп “Республика” партиясы менен депутат болуп чыга келди. Бирок дарамети чектелүү адам чекилик иштерди көп кылат эмеспи. Айтор, Төрөбаев саясатта өзүн көрсөтө алган жок. Өзү жетеленме, калпты көп айткан, саясый харизмасы жок болсо да, 2013-жылы амбициясын тыя албай “Өнүгүү-Прогресс” деген партия түптөдү. Ишкерликтен, сасык саясаттан ар кандай жолдор менен тапкан акчасы арбын болуп, өзүн укмуш сезип алган неме саясатта лидер катары калың калкка көрүнгүсү келди. Бирок иш жүзүндө лидер болмок турсун, чыныгы лидердин бармагына да тең келе алган жок. Партия түзгөндөн кийин аймактарга трактор берүү саясатын баштап, бир нече аймактарга трактор берди.  Ошол учурда Белорусиядан келип жаткан тракторлорду Бакиевдер жөнөтүп жатканы боюнча көп маалыматтар ЖМКларга байма-бай чыгып турду. Төрөбаев алардын бирине да ынанымдуу жооп айта албады. Анткен менен Төрөбаевдин бул  трактор боюнча долбоору башында колдоого алынганы менен, ал боюнча берген убадаларын аткарбагандыктан  көп өтпөй  арзан пиар катары кабыл алынып калды. Ошону менен трактор берүү долбоору оңкосунан сайылды. Бирок шайлоодо Төрөбаев Бакиев байкеси мекендеп жаткан Белорусиядан тракторлорду жүздөп, миңдеп алып келип, Кыргызстанды бүт камсыздап бере турганын катуу кыйкырып айткан. Иш жүзүндө ал сөзү куру сөз болуп калды.  Көрсө: “Көңдөй челек катуу калдырайт” – деген сөздүн маанисин мына ушундайлардан улам даана билсе болот экен.

Эми кайсы бети менен шайлоого катышат?

Акча деген акча да. Акчанын күчү, кызыгы адамды далай жерге алып барат эмеспи. Деңгээлин деги эле эске алгысы келбей саясаттын төрүнө өткүсү келген Бакыт Төрөбаев 2015-жылы Искак Масалиев акесин кошуп алып,  партиясы менен парламенттик шайлоого катышып, калың калкка түркүн убадаларды дайра суудай эле агызды.   Маселен, мамлекеттин чоң көйгөйүнө айланып турган: “Коррупцияны жоём, мыкты мыйзамдарды жазабыз. Педофилдерге өлүм жазасын киргизебиз. Экономиканы көтөрөбүз”- деген сындуу убадаларды берип элди ишендирген. Мына ушундан улам шайлоо учурунда Төрөбаевге  ондогон, жүздөгөн балдар жүгүрүп, ак кызматын кылып, миңдеген шайлоочулардын добушун куржунуна салып беришкен. Тилекке каршы, Төрөбаев эшеги суудан өткөн соң өзүн колдогондордун көбүн  ыраазы кылмак турсун, үмүтүнө суу сээп кете берди. Депутат катары өзүн көрсөтө албаган Төрөбаев амбициясын жыйыштыра албай, делөөрүп кетип, 2017-жылы президенттик шайлоого талапкер катары катышты.  Анын Бакиевдин жакындары менен сүйлөшкөн сөздөрү ачыкка чыгып, катуу талкууга алынды. Бирок өзү эч бир уялып койбоду.

Напсиге ээ боло албай, мансаптын кулу болгон адам акыры жыргамак беле. Шайлоодо аброй алмак турсун уят эле болду. Бабановго кошулуп алып,  аны менен кошо Кыргызстандан качканга аз эле калды. Буга чейин спикер, премьер-министр болом деп көп эле аракет кылды. Болуп деле калмак. Бирок өзүнүн алысты көрө билбеген, кыска ойлонгон пастыгынан улам андай бийиктиктерге чыга албады. Ошентсе да, Төрөбаев учурда кийинки шайлоого катышуу үчүн эмитен аракеттерди көрүп, коомчулуктун кыжырына тийе баштады. Депутат болуп эмнени кыйратты? Ар кимге кошомат айтып, чоң кошоматчыга айланды. Элге берген убадасын болсо эчак “жеп” койгон.  Бир сөз менен айтканда Төрөбаев өзү да, өзү да жаратымыш  эткен партиясы да чоң саясатта “саясый өлүк” болуп турганы эч кимге жашыруун эмес. Эми кайсы бети менен шайлоого катышат?

Бу сасык саясатчылар элди, мамлекетти ойлобой эле акчам бар, баймын деп эле мансап үчүн эт-бетинен кете берсе болобу?! Чынында элдин буларды көрөйүн деген көзү жок.

Тилекмат Кудайбергенов

Булак: "Багыт"

Последние новости