www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ага ылайык, «Манас» терминин жана «Манас» эпосунун оң каармандары болгон баатырларды, Манас, Бакай, Семетей, Каныкей, Сейтек аттарын алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки өндүрүмүнө пайдаланууга тыюу салынат.
- Азыркы учурда биздин ыйык баалуулуктарыбызга мамиле кылууда республиканын тарбия берүү түзүмдөрүндө иш жүргүзүү, идеологиянын жана калктын аң-сезиминин деңгээлин көтөрүү зарылдыгы келип чыкты. Балдарыбыздан "Манасты тааныйсыңбы?" деп сурап калышса: “Ооба, билем, “Манас” коньягын билем” дебеши керек. Идеология катары "Манастын урпагыбыз" деп айтып келебиз.
Тарбия, таалим алыш үчүн биздин урпактарга, балдарга Манас атабызды даражасын чоң кылып көрсөтүшүбүз керек. Бирок Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон кийин ушундай атасак, товарыбыз жакшы өтөт деп ойлошуп, "Манас", “Семетей”, “Бакай” деген аталышта арак жана коньяк чыгып кеткен. Кыргыз элинин улуу маданий мурасы болгон жана дүйнөдө теңдеши жок “Манас” эпосунун алькоголдук ичимдиктерге ыйгарылышы аны мыскылдагандык эмеспи.
Ошондуктан арак, коньякка “Манас” деп атоого нааразы пикирлер көптөн бери айтылып келүүдө. Тилекке мындай пикир жеке адамдар, маданий уюмдар тарабынан гана билдирилип, бийлик өкүлдөрүнүн көңүл сыртынан кетип жүргөн. Бул ирет ЖК депутаты Т. Икрамов мыйзам чегинде тыюу салуу демилгесин көтөрүп жатат. Бирок аны башка депутаттар колдошоор бекен?
Булак: “Майдан. kg”