www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Апрель айынын ысытмасы көтөрүлүп шкаласы “40ты” чапчып турду. Ошол температураны ылдыйлатыш үчүн өкмөттүн резервинен миллиондогон сомдор талаага чабылды. Кантип дебейсиңерби, анда угуп тургула? Маселен күчөтүлгөн тартипке чакырылган милисалардын курсагын тойгузуш, техникаларды иретке салыш, түнкү күзөттөрдү уюштуруш, ыктыярдуу дружиналарды эпке келтириш үчүн сөзсүз түрдө мамлекеттин казынасынан каражат бөлүнөт. Арийне, экинчи ыңкылап болгондо Убактылуу өкмөттүн мыкчыгерлери сыяктуу ячейкадагы акчаларга кол салынбаса да ошого жакын кыймыл-аракеттер болбой калышы мүмкүн эмес. Кыскасын айтканда митинг күчөгөн сайын мамлекеттин казынасына миллиондогон сомго зыяны тиери бышык.

Эми бир айга чейин касиеттүү Ала-Тообузду мекендеген элде мурдагыдай ызы-чуу катталбайт деген ойдо турабыз. Орозо бүтөр замат кайрадан күрү-гүүлөр башталат делген каңшаар кептерди ошол убагында көрө жатарбыз. Негизи дыйкандар, малчылар, жалпы элеттиктер андай балээден алыс. Ал эми шаарга жакын жерде жашагандар болсо кулагын түрүп турушат эмне кабар угулар экен деп. Кээ бирөөлөрдүн эңсегени эле митинг болуп калганы деле калп эмес. Айрыкча кыларга башка иши жокторго ошондой тополоңдор майдай жагат. Тимеле микрофон талашып калганын көргөндө күлүп жибересиң айлаң кетип. Керек болсо Нарындан, Лейлектен, Таластан, Алайдан желип-жортуп келгендер бар, тоббо. Келгенин милдет кылышып, бирдемке өндүрүп алууга маш болгондор канча дейсиң? Мындай пенделерге каармандар кайсыл тараптан экени деле маанисиз, болгону акча төлөсө эсеп. Тилекке каршы ошолорго күнү түшүп, кайсыл бир чоңго жакшы көрүнүш үчүн саясий кыймылды жасоого чейин барышканы акылга сыйгыс десек андай чууттар макул болбойт.

Мейли, жок дегенде орозонун шылтоосу менен тынчыраак жашап туралы. Ансыз да өлкөнүн ысытмасы кыйла жогорулап, бийликтегилердин “шакыйы” кармап кетти. Анын үстүнөөкмөттөгүлөр дайыма окуянын арт жагында калышы баарыбызды кыжаалат кылып жатпайбы? Ошолор талапка ылайык иш жүргүзсө, элдин кыжырына тийген маселелерди убагында эпке салып турушса ким чыкмак эле митингге? Кара жанын карч уруп жанын баккандарга бийлик, мансап, байлыктын кереги жок. Аларга өлкөнүн туруктуу болушу, элдин жашоосуна болгон шарттын түзүлүшү, табигаттын амандыгы зарыл. Ушул талаптар орундалса эле тиргилик өтө бермек. Бирок, тынч жатпагандар, кылдан кыйкым табууну көздөгөндөр, бийликке келүүнү биринчи катарга койгон капчыктуулар тоңгон музга кайнаган сууну чачууну каалап жатышпайбы, катыгүн. Деги качан бактылуу жашап, бири-бирибизден шектенбей, шылтоо издебей, телегейибиз тегиз болор экен, атаганат! Төөнүн куйругу жерге тиет деп күтө берип кайран өмүр текке кетеби?

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости