www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Pfizer жана анын германиялык өнөктөшү BioNTech фармацевтикалык компаниялары коронавирустун "омикрон" вариантынан коргогон вакцинанын жаңы түрүн клиникалык сыноодон өткөрө баштады.

Маалыматка караганда, препарат Кошмо Штаттарда 1 миң 400дөй ыктыярчыга сайылып, адистер анын канчалык коопсуз экенине, натыйжалуулулугуна байкоо жүргүзүшөт.

Буга чейин COVID-19га каршы вакциналар "омикрондон" жакшы коргобой турганы аныкталган.

Ал тапта кеминде 40 өлкөдө, өзгөчө Азия менен Европада "омикрондун" жаңы мутациясы табылганы тууралуу маалымат тарады. Илимпоздордун айтымында, азырынча анын канчалык оор кесепеттерге алып келери же вакциналарга карата таасири белгисиз.

Орусияда COVID-19 илдетин жугузуп алган бейтаптар менен байланышта болгон адамдар мурункудай 14 эмес, жети күн карантинде болушу керек деген өзгөртүү киргизилди.

25-январда өлкөдө дээрлик 68 миң киши инфекцияны жугузуп алганы аныкталды. Бул - пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Буга карабай саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко ооруканага жаткандар "анча көбөйгөн жок" деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости